Айымдар сулуулук сырларын билүү керек

Айымдар сулуулук сырларын билүү керек
11-Июль 2017, Шейшемби

Сырткы келбетке кам көрүү — ар бир кыздын милдети. Ал эмне үчүн керек?

Териңиз убактысынан эрте картайып,бузулбашы жана ар дайым сулуу, сымбатуу болуп жүрүү үчүн кажет. Назарларыңызга сулуулук сырларын сунуштайбыз?

1. Дары канадан Е витамининин майлуу эритиндисин (капсула түрүндө) сатып алыңыз. Аны бетке укалап сүйкөп, 30 мүнөттөн кийин жумурткасын сарысын сүйкөйсүз. 30 мүнөттүн ичинде териге толук сиңүүсү керек. Убакыт өткөндөн кийин салкын суу менен жууп таштайсыз. Бул ыкма беттеги безеткини кетирип, беттеги тешиктерди тазалоого жардам берет. Ар дайым жасап турсаңыз, бет териси жылтырап, жумшара түшөт.

2. Бетти тазартып, өлгөн клеткаларды кетирү үчүн соданы 3 пайыз суутек кычкылы менен аралаштырасыз. Бетке укалап сүйкөйсүз.

3. Түктөрдөн кутулуу үчүн 2 аш кашык кофе тунмасы менен 1 чай кашык сода аралаштырыңыз. Кошулманы териге жагыңыз. Бир жуманын ичинде түктөр азая баштайт.

4. Кырынууга арналган кремдин ордуна балдарга арналган майды пайдаланган жакшы. Ошондо буттун териси бузулуп, кыжырданбайт.

5. Бутка арналган скрабды даярдоо үчүн зайтун майы, бал менен шекер (1:1 катнаштагы) аралаштырып, кошулманы жасайсыз.

6. шампунга сода кошуп, басыңызды адаттагыдай жууйсуз. Натыйжасында чачыңыз жеңилдеп, көлөмдүү болоп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!