Сулуу болом десеңиз, сулуну колдонуңуз!

Сулуу болом десеңиз, сулуну колдонуңуз!
21-Июль 2017, Жума

Косметикада

Бардык беттер үчүн тазалоочу каражат.

1 стакан сулу үлпүлдөгүн эт тарткычтан өткөрүп, майдалап алуу кажет. Анан ага суу кошулуп, ботко абалына келтирилет. Эми 1 аш кашык боткодон алып, бетке акырындан сүртүп баштоо керек. Муну ботко качан бетке эркин сүрүлө баштаганда токтотуу кажет. 1 ай кайталаса, бет таптаза жана назик болуп чыга келет.

Безетки баскан беттер үчүн каражат.

1 аш кашык сулу акшагына суу (эгер бет кургак болсо, сүт)кошуп ботко даярдап алуу керек. Ботко безетки көп жерлерге бир нече мүнөт сүртүлөт. Анан жылуу суу менен жууп, лосьон менен сүртүп, 30 мүнөттөн соң азыктандыруучу крем жапсаңыз болот.

Сепкилдүү бет үчүн маска.

1 аш кашык сулу акшагына ысык сүт кошуп ботко даярдаңыз. Аны бетке жаап 30 мүнөт кармап, анан жылуу суу менен жууп салыңыз.

Майлуу жана тери тешикчелери чоң бет үчүн маска.

1 аш кашык сулу талканына же унуна айран кошулуп ботко жасалат. Боткону 2 катар дакинин бетине жаап, бетке 15-20 мүнөт коюу керек. Муздак суу менен жуулуп салынат.

Шамалга тотуккан бет үчүн кайнатма.

2 аш кашык сулунун үлпүлдөгүнүн үстүнө 1 литр суу куюлуп, 5-10 мүнөт кайнатылат. Анан муздатылып, сүзүлөт. Мындай кайнатма бырыштарды жазып, бетти баркыттай жумшак кылат.

Кулинарияда


Сулунун акшагынан сулу уну, сулу үлпүлдөгү (майдаланып, жумшартылган сулу, орусча хлопья), мюсли жасалат. Ошондой эле сулудан ботко, суюк тамак, токоч, куймак даярдалат.

Сулу боткосу. Кастрюлга тазаланып, жуулган 1 стакан сулу салып, ага 1 стакан сүт кошуп, аралаштырып, духовкага бышкыча 2 саат коёбуз. Боткого майдаланган жаңгак, бал, сүргүчтөн өткөрүлгөн алма кошуп койсо болот. Мындай боткодо өзгөчө балдар жана карылардын организми үчүн эң керектүү заттар болгондуктан, табылгыс азык.

Сулу үлпүлдөгүнөн токоч

Керектүү азыктар: 100 грамм каймак май, 2 жумуртка, 2 стакан сулу үлпүлдөгү, 2 аш кашык ун, 3 аш кашык кумшекер.

Даярдоо: эритилген каймак майга кумшекерди кошуп чалып алабыз. Эми сулу үлпүлдөгүн, унду кошуп аралаштырсак, камыр даяр болот. Камырдан токоч жасап, духовкада 170 градус ысыктыкта 10-15 мүнөт бышырсак, токоч даяр.

Эскертүү! Каалоого жараша токочтун курамына бал же ванилин, же мейиз кошуп койсо болот.

Элдик медицинада


Дары суусундук. Муну дамамат колдонсо кандагы холестеринди азайтып, ашказан-ичегинин сезгенүүсүн кетирет. Артрит оорусунан айыгууда жардамы чоң. Чачтын түшүүсүн токтотуп, боордун, калкан сымал бездин жана уйку безинин иштөөсүн жакшыртат. Мээ катуу чарчаганда, уйку бузулганда, бөйрөк ооруганда, тамакка көңүл тартпаганда, картайгандагы алсыздыкта да колдонулат.

Даярдоо: термостогу 1 стакан сулунун (данын) үстүнө 1 литр кайнаган суу куюп, 12 саат коюп коюу керек. Анан сүзүп алып, 1 күндө 3-4 маал 50 граммдан иче берсе болот.

Арыктатуучу диета. Сулунун арыктатуучу касиети да бар. Бул диета 10 күнгө эсептелген. 5 килограммга арыктоого болот.

Эртең мененки тамактанууда. 2 аш кашык сулу үлпүлдөгүнө 1 стакан айран кошуп, жумшарышы үчүн 10 мүнөт коюу кажет. Тамак даяр. Муну менен кошо кантсыз чай же сүт менен кофе ичсе болот.

Түшкү тамак. Суюк тамак ичүү сунушталат. Семиз эмес этти кайнатып, үстүнө жашылча кошуу керек (картошка болбойт).

Кечки тамак. Эртең мененкидей тамак сунушталат. Чайга 1 кашык бал кошууга болот. Диета учурунда суусундукту (чай, көк чай же чөп чай) көп ичүү керек.

Эскертүү! Бул диетаны диетологдун же терапевттин кеңешисиз кармоо сунушталбайт!

Сулу сүтү. Бул суук тийгенде жана жөтөлдө колдонулуучу каражат. Керектүү азыктар: 1 литр сүт, 1 стакан тазаланган сулу, 1-2 аш кашык кумшекер. Даярдоо: кайнаган сүткө сулуну салып, кайнап чыкканда капкагын жаап, жай отко 2 сааттай коёбуз. Кумшекер кошуп, жылуу кезинде сүзүп алса, даамдуу дары даяр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!