Айым... Атыр... Аңкыган жыт...

Айым... Атыр... Аңкыган жыт...
27-Июль 2017, Бейшемби

"Атыр - бул көзгө көрүнбөс, бирок унутулгус, кайталангыс модалуу аксессуар. Ал айымдын келишинен кабар берет жана кеткенде ал жөнүндө эскертип турат".

Коко Шанель

Качан жана кайсы учурда?..

Атырды кайсы убакта жана кайсы жерде пайдалануу керектигин да туура өздөштүрүү керек. Мисалы, жумушта күчтүү жыты жок туалет суусун пайдаланганыңыз туура. Активдүү эс алуу учурунда же спорт менен машыгуу учурунда таза, салкын сезимди берип туруш үчүн гүл же цитрус жыттуу атыр колдонуңуз.

Атырдын кийим менен шайкеш келип турушу да баса белгилеп кетүүчү нерсе. Жеңил атырлар күнүмдүк кийген кийим үчүн, ал эми оор, татаал атырлар модалуу кечки кийимдер үчүн.

Айрымдар атырды модасына, жарыясына карап алганга аракет кылышат. Бул туура эмес. Анткени, сиздин стилиңизди, табитиңизди өзүңүздөн башка эч ким билбейт. Сизге кандай атыр керек экенин бир гана өзүңүздүн жыт билүү сезимиңиз айта алат. Бир эле атыр ар башка адамда ар кандай жыттанышы мүмкүн.


Жыл мезгилдерине жараша...

Жыттар аба ырайынын өзгөрүшүнө, абанын нымдуулугуна карап ар түрдүү таасир берет. Ысык климатта жыт тез тарайт. Ал эми кышында жыт сезүү начарлагандыктан бул мезгилде оор жыттуу атырларды колдонуу сунушталат. Таттуу-гүл жыттуу атырды колдонгон да оң. Кышында башка мезгилдерге салыштырмалуу атырды көптөн колдонууга туура келет. Айлана гүлгө бөлөнүп, жаратылыштын табигый жыты жыттанып турган жаз, жай мезгилдеринде атыр экинчи планга чыга туруусу керек. Күндүзү порфюмериялык суу, туалет суусун колдонгон оң. Ал эми атырды күндүзгү ысык тараганда, кечинде пайдалансаңыз болот.

Жаш куракка жараша...

Жаш кыздын денеси менен орто жаштагы аялдын денесинин өздөрүнө тиешелүү касиети бар. Андыктан, жытты тандоодо жаш курактын да эске алынышы зарыл.

- Кыздарга жана жаш аялдарга жазгы гүлдөр фиалка, роза, жасмин, ландыштардын жыты менен жасалган атырлар туура келет.

- Орто жаштагы аялдарга цитрус жыттуу атырлар ылайык.

- Активдүү аялдар папоротник жыттуу таза аба, жыттуу чөп, дарак, жалбырак жыттуу атырларды колдоно берсе болот.

- Лидер аялдарга ваниль жыттуу атырлар туура келет.

Жаңы атырды сатып аларда...

Атырды туура тандоону билүү керек. Флакондун капкагын жыттабаңыз. Андагы жыт өзгөрүлөт. Өзүңүзгө тааныш эмес атырдан билегиңиздин ички бөлүгүнө бир аз сүртүп, спирти учкуча күтө туруңуз. 10 мүнөттөн соң сиздин денеңиз жытты кабыл алат. Ошондо атырдын чыныгы жытын биле аласыз.

Эгер дагы башка атырды жыттагыңыз келсе, аны экинчи колуңуздун билегине сүртүңүз. Атыр сатып аларда кофенин бир канча данын жаныңызга салып алууну унутпаңыз. Ал дал ушул жерде керек болот. Кофенин данын жыттасаңыз, ал мурундун сезүүчү клеткаларын тазалайт. Ошондо экинчи жытка мурунуңуз даана баа бере алат. Ошентсе да үчтөн ашык жытты жыттабаңыз. Мурун үчтөн ашык жытка баа бере албайт.

Эгер атыр сизге чындап жаккан учурда да анын чоң флакондогусун эмес, чакан флакондогусун сатып алыңыз. Буга чейин өзүңүзгө тааныш эмес атырдын чоң флакондогусун алуу - чоң тобокелчилик.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!