Бетке кам көрүү

Бетке кам көрүү
1-Авг. 2017, Шейшемби

Беттин терисине кам көрүү үчүн азыр көптөгөн косметика каражаттары бар. Бирок алардын бири да сиз күткөн натыйжаны берерине кепилдик жок. Ал эми ага корогон акчаңызды эч ким кайра кайрып бербейт. Андыктан үй шартында, колдо бар каражаттар менен териге кам көрүү ашыктык кылбайт.

Беттеги кара чекиттерден арылуунун жолдору

Помидордун бир кесими менен бетиңизди сүртүп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Жарты лимондун ширесине бир чымчым тузду аралаштырып, кебез менен бетиңизге сүртүңүз.

1 аш кашык жүгөрүнүн крахмалына 1 аш кашык лимондун ширесин кошуп, ботко сымал маска даярдап алыңыз. Даяр болгон масканы кара чекиттер бар жерлерге сүртүп 15 мүнөт кармоо керек. Андан соң жылуу суу менен чайкап коюңуз.

Чийки картошканы сүргүчтөн өткөзүп керектүү жерлерге жаап, 15 мүнөт кармоо сунушталат. Картошка кургап баратканда жууп салуу туура.

Балды манжага илип алып кара чекиттердин үстүнө этият чапкылоо менен укалаңыз. 5-10 мүнөт укалаган соң жылуу суу менен жуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!