Колдун терисин күтүү

Колдун терисин күтүү
7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Өтө ысык суу менен колуңүзду жуубаңыз жана ар дайым туура сүртүңүз. Антпесе, нымдуу теринин балансынын бузулуусуна алып келет, ал эми температуранын өзгөрүп туруусунан кол кызарып, кесиле баштайт.

Күн суукта ар дайым табигый материалдардан жасалган мээлей кийип жүрүңүз. Муздак аба ырайында назик колдор жарылып, кесилип кетсе, ал эми синтетика тердетип, кургатат.

Идиш жууп, үй жыйнаганда колуңузга атайын колкап кийип алыңыз. Идиш жууганга арналган каражаттардын курамында спирт менен кычкылдар бар, алар теринин сырткы бетин кургатып жиберет. Натыйжасында колдоруңуз жабыркайт.

Колуңузга крем сүйкөп жүрүүнү адатка айландырганыңыз жөн. Крем дайыма сумкаңызда, жумуш үстөлүңүздө болсун

Суу көп ичип, витаминдерди дарыгердин кеңеши менен кабылдап туруңуз. Алар түрдүү тактардын пайда болуусунан коргойт. Жумасына 1-2 жолу маска жасап туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!