Өз жашыңыздан 20 жылга жаш көрүнгүңүз келеби?

Өз жашыңыздан 20 жылга жаш көрүнгүңүз келеби?
21-Сен. 2017, Бейшемби, 10:02

Сиз өзүңүздүн жашыңыздан жыйырма жашка жаш көрүнүү кыйын деле эмес. Жаштыкты көпкө кармап, карылыктын келүүсүн кечеңдетүүнү, биологиялык сааттын жүрүүсүн жайлатууну каалайсызбы? Ал үчүн төмөндө биз сунуштаган кеңештердин бир нечесин колдонуп көрүңүз. Ошондо сизге көптөн бери жолукпаган курбуңуз жолугуп калса, "сен таптакыр өзгөрбөпсүң, жаш бойдон экенсиң" деп айтаарына ишенип коюңуз. Кайсы эрежени сактасаңыз канча жашка жаш көрүнөөрүңүздү өзүңүз эсептеп көрүңүз.

Тамактануу эрежеси

Эгер сиз күн сайын помидор же томаттын ширесин, соусун колдонсоңуз - 9 айга карылыкты артка сүргөн болосуз.

Күндө анча чоң эмес өлчөмдөгү шоколадды жесеңиз - 1 жыл 9 айды кечеңдетесиз.

Жакшы майга жасалган тамак жесеңиз - 3 жыл 3 айды артка жылдырасыз.

Күн сайын беш түрдүү жемиш жесеңиз - 1 жыл 3 айды жаштыктын эсебине кошосуз.

Бир күндө 300 грамм жаңгак жесеңиз - дагы 3 жылды жеңген болосуз.

Кайнатылган же дымдалган, болбосо бууга бышырылган балыкты көп жесеңиз - дагы 3 жыл сиздин пайдаңызга деп бекем ишениңиз.

Курамында кальций бар тамак жесеңиз - жарым жылга жаш көрүнөсүз.

Эгерде спирт ичимдигине көз карандылыгыңыз жок болсо, ден-соолугуңузга зыяны тийбесе күнүнө таза ичимдиктен бир аз кабыл алсаңыз, ал да сизди 1 жыл 11 айга жаш көрсөтөт.

Күн тартиби

Күн сайын эртең мененки тамакты сөзсүз ичсеңиз - 1 жыл 1 ай.

Күн сайын таза абада бир, бир жарым саат сейилдөө - сизге 1 жыл 7 айды жаштык катары тартуулайт.

Жумасына жарым саат көнүгүү жасоодон, тепкичтен чыгуудан - сиз дагы 1 жыл 8 айга жашарасыз.

Күн сайын сиз сүйгөн, дайыма сиз менен болгон адам менен төшөк оюнун ойноо - сизге 2 жылдан 8 жылга чейинки жаштыкты тартуулайт.

Ар күнү жети сааттан кем эмес жакшы уктап, жагымдуу түш көрүүдөн сиз 3 жылдан 12 жылга чейинки убакытты уурдасаңыз болот.

Витаминдердин пайдасы

Дарыканадан өзүңүзгө минералдар менен балансталган витаминдерди сатып алуудан аянбаңыз. Бул сизге 3 жыл, 4 айга жаш көрүнүүгө жардам берет.

Курамында витаминдери бар тамакка кошулуучу кошумча каражаттарды колдонсоңуз, алар сизди 1,5 жылга жашартат.

Күн сайын В6 витаминин колдонсоңуз, дагы 3 ай сиздин пайдаңызга.

Жогорудагы эрежелерди мүмкүн болушунча сактасаңыз, жаштыгыңызды уурдап жаткан убакыт жарым жылга токтоп калгансып сезилет. Эгер бул эреженин баарын сактасаңыз, анда эки жылдан кийин сиз өз курагыңыздан он беш жылга жаш көрүнөөрүңүзгө ишене бериңиз.

Пайдалуу адаттар

Тез-тез, чын дилден каткырсаңыз - 1 жыл 9 айдан 8 жылга чейин жаш көрүнүү сиздин колуңузда.

Тишиңизге кам көрүүнү унутпай, ар бир жарым жылда сөзсүз тиш доктурдун кабылдамасында болуу - сизди 6 жыл 3 айга жаш көрсөтөт.

Колуңузду дайыма жакшы каражат менен жууп, таза кармасаңыз - өзүңүздүн чыныгы курагыңыздан 3 айды кемиткен болосуз.

Абдан оор учурларда өзүңүздү сабырдуулук менен кармоого аракеттениңиз. үч жолку катуу стресс сизди 32 жылга картайтып, жаштыгыңызды байкатпай заматта уурдап коеору эсиңизден чыкпасын.

Дайыма салмагыңызды он сегиз жашыңыздагыдай кармап жүрсөңүз - бул сизди 6 жылга жаш көрсөтөт.

Мына, урматтуу аялзаты, эми баарын санап көрүңүз да, колуңуздан келгенин аткарууга аракеттениңиз. Анткени, аял дайыма сулуу, жаш болууга милдеттүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!