Көк чай

Көк чай
21-Сен. 2017, Бейшемби, 13:03

Миңдеген жылдар бою терини күтүүнүн байыркы рецепттери сыр болуп сакталып келген. Мына ошолордун эң таасирдүүсү, пайдалуусу көк чай деп эсептелген. Кытай жана япон кыздары көпчүлүк учурда көк чайды колдонушкан. Ошондуктан алар башка айымдарга салыштырмалуу жаш жана жагымдуу көрүнүшөт.

Көк чай ферменттелбеген чайларга киргендиктен көптөгөн витаминдерди (10го жакын) жана пайдалуу заттарды камтыйт (кальций, цинк, йод, селен, жез, темир, марганец, фенол ж.б.). Кеңири таралган көк чай теринин өлгөн клеткаларын жандандырууга жардам берери байыркы Кытайда колдонулуп, белгилүү болуп келген. Ошондуктан, көк чайды ичүү менен эле чектелбестен андан бет май, бетти тазалоочу суюк каражаттарды да жасап колдонушкан. Көк чайдын курамындагы В2 витамини терини жылмакай кылып, теринин түлөшүн алдын алып жакшы жардам берет.

Көздүн жагымдуу, нурдуу болушу үчүн демделген жылуу көк чайды таза кебезге салып, 15-20 мүнөттөй коюп сууганга чейин кармоо керек. Эгер көк чай болбосо кадимки кара чайды колдонсо да болот.

Демделген чайды тоңдурууга да болот. Муздун калыбындай кылып тоңдуруп алган соң, эртең менен дайыма бетти аарчып турса, теринин тазалануусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өзгөчө териси майлуу болгондор үчүн жакшы жыйынтык берет.

Ал эми беттеги бүдүрлөрдү жок кылуу үчүн күнүнө 6-8 пияла көк чай ичип туруу сунуш кылынат. Гормондордун иштөөсүн жакшыртып, беттин кызарганын жоготот, ошондой эле бактериялар менен күрөшүүдө да чоң ролду ойнойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!