Териге пайдалуу жети азык

Териге пайдалуу жети азык
27-Сен. 2017, Шаршемби, 12:00

Эгер бет териңиз өңүн жоготуп, кунарсыз боло баштаса анда бул териге пайдалуу азыктардын жетишпестигинен улам келип чыгуучу көйгөй. Ал үчүн төмөндөгү 7 азыктарды колдонуу менен сулуу болуп чыга келесиз. Аталган азыктарды көп-көптөн пайдаланып, жаштыгыңызды жана териңиздин ден соолугун калыбына келтирүүгө болот.

Кремдер, маскалар, кесипкөй күтүм... Мунун баары териге сулуулук гана тартуулайт. Бирок баардык ушул каражаттардан башка, чыныгы сулуулук өзүбүздөн чыгып турат эмеспи. Биз териге түзмө-түз таасир беребиз. Өзгөчө терибизге кошумча көрк берип, ден соолугун артыруучу кээ бир азыктар бар. Алар:

Жүзүм данеги

Жүзүм данегинин майында күчтүү антиоксидант эсептелген ресверол бар. Бул терибизди сулуу жана күчтүү болуусун камсыз кылат.

Бал

Бал иммундук системаны күчтөнтүп, эркин радикалдар менен күрөшүүгө жардамдашат. Бул биздин терибиз үчүн жакшы консервант. Бал кургак жана майлуу тери үчүн да пайдалуу. Бет териге жылмакайлуулук, жумшактык жана нымдуулук тартуулайт.

Апельсин

Апельсин - эң күчтүү антиоксиданттардын бири. Биздин терибиз айланадагы жагымсыз жагдайларга каршы корголгон. Витаминдерге өтө бай. С витамини өзгөчө сөөк, тиш, чач жана тери үчүн маанилүү. Ал ошондой эле канды тазалаганга да пайдалуу.

Авокадо

Курамында май кычкылдары менен витаминдер бар жана териге өтө жакшы таасир берүүчү бул жемишти бетке маска кылып жана жеп туруу пайдалуу. Авокадонун күчтүү курамы терини шишитип жиберүүгө жол бербейт. Анын курамында A, B, D, E, H жана k витаминдери, ошондой эле лецитин, гистидин, фитостерол, хлорофилл жана белок кездешет.

Жумуртка

Аминкычкылдарына бай келген жумуртка теринин клеткаларынын иштөө процессин арттыруу учүн колдонулат. Жумуртканын сарысында А, В, Е комплекстүү витаминдер бар. Ошол себептен жумуртканын сарысы терини жагымдуу кылып жандандырат.

Мөмө-жемиштер

Мөмө-жемиштер башка аминкычкылдары менен байланышкан кезде коллаген жипчелерин (жаңы тери клеткаларын) активдештирет. Бул тери үчүн абдан пайдалуу азык болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!