Жазгы маскалар

Жазгы маскалар
16-02-2017

Жазда витаминдерге муктаж болгон организмге кошумча заттар керек. Өзгөчө бетибиз буга аябай муктаж. Төмөнкү пайдалуу маскаларды оңой жана бат жасап, жүзүңүзгө кам көрсөңүз болот. Эскерте кетчү нерсе, ар бир масканы колдонгон соң бетти таза жууп, азыктандыруучу крем сүйкөө керек.

Сабиз

Сабизден кургак терилүү айымдарга маска жасоо сунушталат. Сабиз терини жумшартып, витаминдер менен камсыз кылат. 2-3 сабизди сүргүчтөн өткөрүп, 1 жумуртканын сарысы менен аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашманы жука кылып бетке сүртүп, 20-25 мүнөт өткөн соң нымдалган кебез менен аарчып салыш керек. Бул масканы жумасына 1-2 жолу жасаса болот.

Помидор

Кургак терини жумшак кылып, калыпка келтирүү үчүн сүргүчтөн өткөн помидор менен аз өлчөмдөгү крахмалды ботко болгуча аралаштырып, ага бир нече тамчы өсүмдүк майын (зайтун болсо жакшы) тамызып, кайра аралаштыруу зарыл. Даяр болгон масканы бетке сүртүп, 15-20 мүнөт кармаш керек.

Банан

Банан сүйүүчүлөр банан-сүт маскасын жасап көрүшсө болот. Ал үчүн 1-2 даана бананды эзип, 1 чай кашык сүт менен аралаштыруу зарыл. Масканы бетке сүрткөндөн кийин 20 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Картошка

Картошкадан жасалган маска бетти азыктандырат, сергитет жана бырыштарды жазуучу касиетке да ээ. Бетти кадимкидей жумшартып да коёт. 1 даана картошканы кабыгы менен сууда кайнатып, аны тазалап, эзип алыш керек. Анан чийки сүт, жумуртканын сарысын кошуп, аралаштырылат. Даяр пюре салынган идишти ысык суусунун үстүнө коюпжылытылат. Ошентип, жылуу аралашманы бетке жапса болот. Эгер масканын үстүнөн калың матаны жаап койсо, таасири жакшы болот. Анткени жылуулук көпкө сакталат. 20 мүнөттөн кийин бетти алгач жылуу, кийин муздак суу менен жууп салыш керек.

Болгар калемпири

Жашыл же кызыл таттуу калемпирди сүргүчтөн өткөрүү зарыл. Калемпир-боткодон 1 чай кашык алып, ага 1 чай кашык каймак, 1 жумуртканы кошуп, баарын аралаштыруу керек. Даяр болгон аралашманы 20-30 мүнөттөн соң бетке, моюнга сүртүп, жууп салса болот.

Бадыраң

Бадыраңдан жасалган маска кеңири белгилүү. Бул маска беттин бардык түрүнө жардам берет. Эгер териңиз кургак болсо, сүргүчтөн өткөн жаңы 1 бадыраңга 1 чай кашык зайтун майын кошууну унутпоо зарыл. Бетинде майда тагы бар айымдар 1-2 кашык каймакка сүргүчтөн өткөрүлгөн бадыраңды кошуп, бетине койсо болот. Бул маскаларды 15-20 мүнөт кармаш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!