Майлуу чачка арналган маска

Майлуу чачка арналган маска
11-Окт. 2017, Шаршемби, 09:40

Алоэ маскасы:

1 ш кашык алоэ ширеси, 1 чай кашык бал менен 1 чай кашык лимон ширесин аралаштырып, сарымсактын 1 тишин майдалап туурап, кошуңуз. Аталаган кошулмаларды жакшылап аралаштырып, чачты жууганга жарым саат калганда сүйкөңүз. Душка арналган баш кийим же пакет кийип алып, сыртынан сүлгү менен ороп алыңыз. Жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Натыйжасына жетүү үчүн алоэ маскасын кем дегенде эки жумада бир жолу жасап туруу керек.

Жумуртка маскасы:

1 жумуртканын сарысын 1 чай кашык арак менен 1 чай кашык жылуу суу менен аралаштырыңыз. Чачты жуугандан кийин масканы сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп таштаңыз. Бул масканы жумасына бир жолу жасап туруңуз.
Сүт маскасы:

1 стакан жылуу сүткө 1 чай кашык туз салыңыз. Масканы чачка укалап сүйкөп, 10 мүнөттөн соң суу менен жууп таштаңыз. Бул масканы эки-үч жумада бир ирээт жасап туруу абзел.
Ачыткы маскасы:

20-30 гр ачыткыны жылуу суудан ачытып, 1 жумуртканын агын кошуңуз. Чачка укалап сүйкөп, 40 мүнөттөй кармап, жууп салыңыз. Бул масканы жумасына эки жолу колдонгон оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!