Тери эмне себептен тез картаят?

Тери эмне себептен тез картаят?
11-Окт. 2017, Шаршемби, 11:35

Тери организмдин сыркы факторлорунан таасиринен (кысым, жарылуу, сокку, сүрүлүү) коргоочу дененин сырткы кабыгы. Узак сакталуучу, курамында боёктор менен кошулмалар кошулган ачуу жана туздуу тамактар терини «агрессивдүү» кылып, ажарын бузат.

Тери организмге кирген радиоактивдүү заттар менен оор металдардан көп зыян чегет. Бул теринин тез картаюсуна алып келет. Ошондуктан А, Е, С, РР витаминдери бар тамак-аштар менен жашылча жемиштерди (көк чөптөрдөн салат, сабиз, помидор, кызыл түстөгү жемиштер, бал менен көк чай) терини кургап кетүүдөн сактайт, ультра фиолет нурларна каршы турат.

Жаңы бышкан жемиштерден жасалган ширелер бырыштын түшпөөсүнө жардам берет. ал бет териси бошой баштаса Н витамини бар тамактарды (жаңгак, жумуртканын сарысы, боор, сүт) пайдаланган жөн.

Териде пайда болгон жаракат тез айыгып кетпей турган болсо, анда сиздин организмге белок жетишпейт. Белок балык, тоок жана үндюк эти, үй шартында даярдалган быштактарда көп болот. Ал организмдеги клеткаларды жаңыртуучу аминкычкылга бай келет.

Туура тамактанбоо, ичимдикти көп ичүү, ошондой эле психологиялык стресс да теринин эрте картаюсунун негизги себеби болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!