Сулуулук үчүн 5 азык

Сулуулук үчүн 5 азык
23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:06

Сулуулукту сактоого ичтен да, сырттан да кам көрүү зарыл. Бул үчүн баарынан мурун мөмө-жемиштер жардамга келет. Адистер сулуулуктун беш максатын белгилеп, айымдын терисин идеалдуу кылуучу 5 азыкты тандап алышкан.

1-максат: Терини серпилгич кылуу

Серпилгичтикке коллаген жооп берет. Организмге аны жеткирүүчү негизги витамин - С витамини. Бул организмде иштелип чыкпайт, бирок аны жетиштүү өлчөмдөгү азыктардын жардамы менен кабыл алууга болот.

Азыктар: апельсин, лимон, кулпунай, малина, киви бизге С витаминин берет. Бирок курамында бул витаминдин көптүгү жагынан ит мурун лидерликти эч кимге бербейт.

Сулуулук рецепти: Бир кочуш ит мурунду стаканга салып, үстүнө кайнак суу куясыз. 30 мүнөт демдеген соң тундуруп алып суусундук катары колдонсоңуз болот же болбосо таза марляга сиңирип, териңизге компресс кылып 10-15 мүнөттөн койсоңуз болот. Мындан тери жакшы нымдалышат жана пайдалуу заттарды өзүнө сиңирет.

2-максат: Терини нурдантуу

Терини таза, нурдуу көрсөтүү үчүн антиоксиданттар, анын ичинен Е витамини керек. Ал теринин коргоочу катмарын калыбына келтирет, клеткалардын жаңыланышын жөнгө салат жана беттин түсүн жакшыртат.

Азыктар: бул витамин баарынан өсүмдүк майында көп, андан тышкары боордо, жумурткада, буурчак өсүмдүктөрүндө, брюссель капустасында, брокколиде, ит мурундун мөмөсүндө, чычырканакта, гиласта бар. Ошондой эле бул витамин менен организмди семичке чагып, жер жаңгак, бадам жеп камсыз кылууга болот.

Сулуулук рецепти: Чычырканактан маска жасаңыз. 1 орточо көлөмдүү пиаладагы чычырканакты эт майдалагычтан өткөрүп, ага 1 чай кашык йогурт жана ушунча эле көлөмдөгү бал кошосуз. Терини агартуу максатында бир нече тамчы лимон ширесин да кошуп койсоңуз болот. Даяр болгон аралашманы жарым саатка муздаткычка салып коёсуз. Андан кийин алып, бетиңизге жана моюнуңузга сүртөсүз. Бул маска терини сергитет, кан айланууну жакшыртат. Маскадан кийин териңиздин тептегиз болуп, бетиңизге нур жүгүрүп калганын байкайсыз.

3-максат: Эриндин жарылганынан арылуу

В2 витамини тери үчүн, тырмак, чачтын өсүшү, кыскасы, жалпы организмди чыңдоо үчүн зарыл. Бул витаминдин жетишсиздигинин алгачкы белгиси - эриндин кесилип кетүүсү.

Азыктар: боор жана бөйрөк, дрож, жумуртка, бадам, козу карын, быштак, гречка, сүт, эт, күрүч, макарон азыктары, ак нан жана жашылча-жемиштер. Өзгөчө бул витаминдин негизги булагы болуп сүт жана сүт азыктары эсептелинет.

Сулуулук рецепти: 2 чоң кашык жаңы быштакка 1 чоң кашык балды тегиз аралаштырып, бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Көзүңүздүн айланасына да коё бериңиз. 20 мүнөттөн кийин салкын сүт менен жууп саласыз. Мындай маска кургак терини азыктандырат, нымдаштырат жана жумшартат.

4-максат: Беттеги безеткилерден арылуу

Беттеги безеткилерден жана теринин сезгенүүсүнөн келип чыккан башка оорулардан арылууга бизге ликопен деген зат жардамга келет.

Азыктар: безеткинин пайда болушунун бир себеби - картошканы, ак нанды, ак күрүчтү, макаронду жана момпосуйду ашыкча колдонуудан келип чыгышы мүмкүн. Бул азыктарда кандагы инсулиндин деңгээлин көтөрүүчү жөнөкөй углеводдор бар. Ушундан улам бетте безеткилер пайда болот. Ага жол бербөө үчүн кызыл азыктарды - дарбыз, кызыл грейпфрут, помидорду көбүрөөк жеш керек.

Сулуулук рецепти: 1 помидорду жука-жука кылып тегерекче түрүндө туурайсыз. Аларды бетиңизге коюп, 10-15 мүнөт кармайсыз. Андан соң экинчи помидорду тең ортосунан бөлүп, ички бетин бетиңизге сүрткүлөйсүз. Акырында бетиңизди жылуу суу менен жууп саласыз.

5-максат: Бырыштардын санын азайтуу

Буга полифенол жардам берет. Ал карылык процессин жайлатат, терини бузулуудан сактайт. Мындан тышкары, кан айланууну жакшыртып, бактерияларга каршы натыйжа берет.

Азыктар: күнүнө бир бокал кызыл вино ичүү же кара, кызыл жүзүмдөрдүн данектери биздин организмибизди керектүү өлчөмдөгү полифенол менен камсыз кылат. Мындан тышкары, мейизден көбүрөөк жеңиз.

Сулуулук рецепти: Жүзүмдөн жашартуучу маска даярдаңыз. Ал үчүн жүзүмдүн ширесин сыгып аласыз. Ушунча эле өлчөмдөгү сүттү ширеге кошуп, аралаштырасыз. Бул аралашманы таза марляга сиңирип алып, бетиңизге 20 мүнөт коёсуз. Мындан соң бетиңизди жылуу суу менен жууп салып, крем коюп аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!