Бырышка каршы оттуу-массаж

Бырышка каршы оттуу-массаж
28-Окт. 2017, Ишемби, 13:27

Кытайлык окумуштуулар бырыш менен күрөшүүнүн жаңы жолун ойлоп табышты. Анын аты “от менен жасалган массаж”. Косметологдор спиртке малынган сүлгүнү бетке коюшат. Алар андан кийин “атайы элексир” кошулган сүлгүнүн бетине от коюшат экен.

Мындай ыкма беттеги бырышты жок кылат деп айтылат. Мындан башка да түрдүү ооруларга каршы дарылык касиети да бар болуп чыкты. Мисалы, эгерде суук тийип калган болсо оттуу массаж сизге жардамга келет.

“Raut” сайтынын маалымдамасы боюнча, мындай массаж ашыкча салмак менен күрөшүүгө да өтө пайдалуу болуп табылган. “Отту массаж” кызматын сунуштагандар бул ыкманын эч кандай да кооптуулугу болбой турганын айтышат. Себеби эмдөө жолун окуган терапевтин карамагында болосуз. Атайы “элексирдин” таасиринен адам териси ысып чыгат, бирок күйүп кетпейт экен. Бул ыкманы жасаган учурда адамдын организмин өзгөртүүчү адреналин пайда болот. Ошондуктан анын башка да ооруларга каршы тура алган касиети бар болуп чыгууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!