Бал массажынын пайдасы эмнеде?

Бал массажынын пайдасы эмнеде?
2-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:27

Бал массажы бизге эзелки Тибеттен келген,бирок ал көөнө Россия жергесинде бал мол болгондугунан ошол жерлерде жакшы өнүккөн. Бал массажы тууралуу уккан чыгаарсыз, бирок анын пайдалуулугу жөнүндө толук билбейт чыгаарсыз. Ошондуктан биз ушу массаждын пайдалуу жактары тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.

Баардык адистер бал массаждын химиялык препараттарга караганда пайдалуулугу мол деп бир сөздөн билдиришет.

Алгач бал массаж баардыгына боло бербестиин эскертүүбүз керек. Аны гипертониясы, дене температурасы жогору, түгү көп адамдарга колдонбогула дейт элек. Башка адамдарга ал жалаң гана пайдасын тийгизет. Ал тери тешиктери аркылуу шлактарды чыгарып, маанайды көтөрүп, сергектик сыйлайт.

Ошону менен бал массажынын кандай пайдасы бар?

Бал табигый азык, анын курамы адам организмине керектүү элементтерге толгон.

Балдын курамындагы заттар,адам денесине сиңип,аны түп тамыры менен тазартат. 15 мүнөттөн кийин жалтырап турган балдын түсү күрөң боло баштайт.

Балдын түсүнүн өзгөрүүсү ал теридеги шлактарды алып чыгуусунда. Ал эми тери жумшарып жана тери көздөрү туздар менен шлактардан тазаланат. Массаждын ушул түрү целлюлит менен күрөшүп жүргөн аялдарга таптыргыс ыкма. Алардан толук кутулуу үчүн, бир эмес бир нече бал массаж курсун кабылдоо керек.

Бал массаж жалаң гана косметологиялык жактан эмес, башка да жагынан пайдалуу. Баарыбызга белгилүү, биздин ички организмибиз, муундарыбыз, булчуң этерибиз тери менен тыгыз байланышта. Ал эми бул массаж тери тешиктеринин көзүн ачып, ошону менен катар ички организмди да тазарта алат. Сизде зат алмашуу процесси жакшырат. Аталган массаж түрүн колдонгондор өздөрүнө канат пайда болгонун айтышкан.

Бал массаж нерв системасына пайдалуу

Ал стрессте жана уйку бузулганда жардамга келет. Бал массажды сулуулук жагына гана керек деп ойлобоңуз.

Мисалы курсакка да бал массажын жасай аласыз

Ал үчүн: 2 чай кашык табигый балга бир нече тамчы сиз каалаган эфир майын кошуңуз. Балды алаканыңыз менен укалап, ичиңизди чапкылап коюңуз. Бул учурда бал коюланып, кол менен ичиңизге жабышат. Ушундайча вакуум таасири орун алып, массажды андан ары таасирдүү кылат. Бал агара баштаган кезде,териңизден зыяндуу заттар бөлүнгөнүн билесиз. Аны жылуу суу менен сүртүп,кайра бал сүйкөп, массажды уланта бересиз. Бул ыкманы 20 мүнөт кайталасаңыз жетиштүү.

Остеохондрозго да табылгыс дабаа

Адамдын денесин түз кармап жүрүүсү анын омурткасына байланыштуу. Эгер сиздин аркаңызда жана моюнуңузда туз жыйналган болсо, анда сизге кереги ушул. Омуртка бул суу аккан арык сыяктуу. Сиз жылына бир ирээт болсо да ал арыкты тазалап турасыз. Ошол сыяктуу жылына бир жолу омуртканы шлактар менен туздардан тазартып туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!