Бет терисиндеги көйгөйлөр үчүн

Бет терисиндеги көйгөйлөр үчүн
8-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:37

Кара тактан арылуу

Айрым айымдардын бетине төрөгөндөн кийин кара тактар пайда болот. Андан арылуу үчүн кайнатылбаган (бышпаган) сүткө таза спиртти аралаштырып бетти сүртүү керек. Бул процедура таза жууулган териге кечинде жасалуусу абзел.

Безеткиге каршы

Ак лилияны аракка аралаштырып, жатаар алдында бетке сүртсө безекилер, же ириңдеген жараларды кетирет. Болгону аралашманы колдонгонго чейин эки апта чылап коюу керек. Ал эми алдын алууга жана безеткилердин көбөйүп кетүүсүнө алоэнин согу пайдалуу. Аны ысык сууга жууп, согун чыгарып, 10 күн караңгы жерге коюп даярдап алуу керек.


Кээде билинбей эле дароо безетки чыгып кетет. Андай учурда бетти тазалоочу лосьондор жардам бере албай, алдын алуусу гана мүмкүн. Андай учурда салицин кислотасын (100 гр) сатып алып, ага беш таблетка левомицетин кошуп аралаштыруу керек. Анан даярдалган аралашманы пахтага сыйпап безеткиге катуу басыңыз. Бирок, бүт бетке сыйпоого болбойт.

Териңиз кургак болсо…

Териңиз кургак болсо, чай, майлуу болсо ромашканын кайнатылган суусун тазалоочу каражат катары пайдалансаңыз болот.

Жүзүңүзгө чыккан безетки тезирээк кетсин десеңиз, аны колуңуз менен сыгууга шашылбаңыз. Алгач башыңызга сүлгүнү ороп, бир канча мүнөт кайнак суунун буусуна тосуңуз. Андан соң жумшак щетка менен акырын щеткалап, суу менен чайкап коюңуз.

Колдоноордун алдында дарыгерден кеңеш алыңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!