Эмне үчүн сүт жогору бааланган?

Эмне үчүн сүт жогору бааланган?
10-Ноя. 2017, Жума, 09:51

Сүт өзгөчө азыктандыруучу өзгөчөлүккө ээ. Заманбап косметикалык каражаттарды даярдоодо баарына белгилүү болгондой майсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал терини өз калыбында жакшы кармап туруу үчүн зарыл. Сүттүн майы башкалардан өзгөчөлөнүп каныкпаган май кислоталарына, лецитинге жана витаминдерге бай келгендиктен өтө баалуу деп эсептелет. Бир тамчы сүттө 100 миллиондон ашык майда майдын бүртүкчөлөрү болот. Мындай майда абалдагы майлар теринин клеткасына бат жана оңой сиңгендиктен абдан натыйжалуу келет. Сүттө шекердин, минералдык заттардын жана табигый пигменттердин бүтүндөй "топтому" камтылган.

Мындан сырткары бизге белгилүү болгон фермент жана витаминдердии дээрлик баары бар. Бетти үзгүлтүксүз сүт менен жууганда көздүн тегерегиндеги майда бырыштар жоголуп, жүздүн териси жанданып, нымдуу абалга келет.

Кычкыл сүт азыктары (кефир, айран, айрандын сары суусу) - жакшы тазалоочу, азыктандыруучу жана бетти агартуучу касиетке ээ. Тери канчалык майлуу жана катуу болсо сүттүн ошончолук кычкылдары жакшы. Ал эми териси кургактарга, эгерде бир аз күйгөн болсо суу менен чайкагаң соң азыктандыруучу бет май коюу керек. Майлуу беттерге жука кылып кычкыл сүттү сүртүп түнү менен коюп койсо да болот.

Каймак - териге оңой сиңүүчү май, белок, майды ээритүүчү витаминдерди жана сүт кислотасынан турат. Беттин терисин жакшы жумшартып, баркыт сымал кылат. Андагы кан жана зат алмашууну жакшыртат.

Сүт жана бал менен жасалган ванна

Кургак сүттү жылуу сууга аралаштырат да (200 граммдан башталат, канчалык көп болсо ошончолук жакшы) 150-200 гр. жылытылган балды көбүктөнүүсү үчүн чубуруп агып турган сууга коет.

Сүт менен болгон ачыткы маскасы

10 гр. ачыткыга аз-аздан сүт кошуп ботко абалга келгенге чейин аралаштырат, бул нормалдуу терилер үчүн. Ал эми кургак беттер үчүн сүткө оливка майын аралаштырып бетке маска жасаса жакшы натыйжа берет. Масканы 20 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен чайкайт.

Балдан жана каймактан маска

Нормалдуу беттер үчүн нымдуу кылуучу маска: 1 чай кашык (ч.к) балга 2 ч.к. каймакты аралаштырат. Лимондун суусунан бир нече тамчы кошот да бетке жабат. 30 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен чайкайт.

Быштактан жана өрүктөн маска

1 аш кашык (а.к.) бышкан өрүктүн эти менен 1 а.к. быштакты майдалап аралаштырып 1 ч.к. каймак кошот. Масканы бетке жаан моюнга 15-20 мүнөттөй коет да жылуу суу менен чайкайт. Майлуу беттерди нымдаштырып, тер чыгуучу майда тешикчелерди тазалайт.

Бардык типтеги терилер үчүн

Сметана жана быштактан азыктандыруучу маска

1 а.к. быштакка 2 а.к. сметана жана бир чымчым туз аралаштырат. Даяр болгон масканы бетке 15-20 мүнөт койгон соң муздак сүткө сиңирилген таза кебез менен тазалайт. Бул маска өзгөчө териге бырыш түшүүнү алдын алат.

Быштак менен балдан жасалган маска

2 ч.к. быштакты алып, ага 2 ч.к. балды жакшылап аралаштырат. Андан соң өсүмдүк майын кошот. Даяр болгон кошулманы бетке жана моюнга жаап 10 мүнөт кармайт. Алгач жылуу суу, артынан муздак суу менен чайкайт. Натыйжада терини тазалап азыктандырат жана сезгенип кызарган бетке жакшы жардам берет.

Быштактан, ашкабактан жана бадыраңдан тазалоочу маска

2 ч.к. жаңы быштак, 2 а.к. кыргычтан чыгарылган ашкабак, 1 ч.к. бадыраң суусун аралаштырып бетке 15-20 мүнөт коет.

Сметанадан жасалган азыктандыруучу маска

Жумуртканын сарысына 2 а.к. сметана, 1 ч.к. сабиздин маңызын жана май ээритүүчү А витаминин кошуп аралаштырат. Масканы бетке, моюнга 20 мүнөт коет.

Кургак сүттөн жасалган азыктандыруучу маска

2 ч.к. кургак сүт, 2 ч.к. эт туурагычтан өткөрүлгөн геркулес (сулудан жасалган акшактын бир түрү), 2 ч.к. кайнатылган суу жана бир нече тамчы суюк А витаминин коюу болгонго чейин аралаштырат да 10 мүнөт коет, андан соң жылуу суу менен чайкайт.

Апельсин менен йогурттан жасалган маска

1 а.к. йогурт, апельсиндин төрттөн бир бөлүгүнүн маңызын эзип кошот да бетке сүйкөйт. 5 мүнөт турган соң кайнатылган сууга малынган кебез менен тазалайт. Апельсиндин ордуна кивинин кичине бөлүгүн, жүзүмдүн же кайналынын ширесин кошсо болот.

Сулуулук жана ден-соолук үчүн сүт азыктары

Байыртадан эле бардык өлкөнүн чырайлуу деп эсептелген кыздары, ханышалары жуунарда жана бетке кам көрүүдө сүттү колдонуп келишкен. Авиценна сүттүн теридеги түрдүү тактарды кетирүүдө жакшы жардам берээрин, эгер аны дайым бал же кумшекер менен ичип жүрсө беттин түсүн жакшыртаарын айткан.

Учурдун шартына ылайык ушундай эле ваннаны байыркы рецепт менен жасап көрүүгө неге болбосун?

Стреске каршы ванна

1,5 л. сүт, 3 аш кашык кургатылган ромашка, 1,5 стакан деңиз тузу, сууну жумшартуу үчүн 0,25 стакан сода аралаштырат. Сүттү жылытып ромашканы кошот да жакшылап кайнатат. Даяр болгон аралашманы аны менен эле бирге сода менен деңиз тузун ваннадагы сууга кошот. Суу канчалык ысык болсо, ошончолук жакшы (бирок, +42 С жогору эмес). Натыйжада тери аябагандай назик абалга келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!