Кирпикти калыңдатуу үчүн...

 Кирпикти калыңдатуу үчүн...
11-Ноя. 2017, Ишемби, 10:37

Ар бир сулуу кирпигинин калың жана узун болушун каалайт эмепи. Себеби көз – адам жанынын күзгүсү. Сиздер үчүн кирпикти калыңдатуучу үч рецепт сунуштайбыз:

1-ыкма. Кирпикти бекем кылып, азыктандырат.

1 аш кашык кастор майы, 1 чай кашык алоэ ширеси, 4 тамчы Е витамини менен 2 тамчы А витаминин аралаштырып, кирпикке атайы щетка менен сүйкөйсүз.

2-ыкма. Кирпикти витаминдер менен азыктандыруу.

1 чай кашык балык майы, 3 тамчы Е витамини менен 3 тамчы зайтун майын аралаштырып, кирпикке сүйкөңүз. Муну 1 ай бою жасап туруу керек.

3-ыкма. Кирпикти калыңдатып, өстүрөт.

1 чай кашык коньяк, 1 чай кашык репейник майы менен вазелинди аралаштырып, кирпикке сүйкөңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!