Картаюуну тездетүүчү 10 адат

Картаюуну тездетүүчү 10 адат
27-02-2017

Адам баласынын жаш курагы генетикага байланыштуу болот. Бирок бул жалгыз фактор болуп саналбайт. Көбүнчө адам өзү тез картайып кетүүгө себепчи болот. Биздин жаштыкты уурдаган 10 көнүмүшкө айланган адаттар туурасында сөз болмокчу. Мына ушулардан эртерээк арылуу кажет.

1. Күнүмдүк рациондон майлуу тамак-аштардан баш тартуу керек


Көптөгөн адамдар дене боюн көзөмөлдөгөн убакта бул катаны жасашат: алар майлуу тамактардан баш тартышат. Мындай диета бутүндөй организмге, аны менен кошо териге эрте бырыш түшүшүнө өбөлгө түзөт. Диета кармап жаткандар балык, жаңгак, каймак жана май менен азыктануулары зарыл.

2. Суусундуктарды таякча(соломка) аркылуу ичүү

Суусундуктарды таякчалар аркылуу ичип жаткан убакта эриндер алдыга тартылат. Мындан улам ооздун айланасында бырыштар түшө баштайт. Буга тамеки чегүү да кирет.
Эгерде бырыштан арылууну кааласаңыз, тамеки таштоо керек экендигин унутпаңыз.

3. Бир каптал менен уктооо




Бир каптал менен же көмкөрө абалда уктап жаткан маалда бет жаздыкка “жабышып” калат. Бул бетте жана ээк алдында бырыштын эрте түшүүсүнө алып келет. Эгерде жаш бойдон калууну кааласак, чалкалап жатып уктоого туура келет.

4. Бүкүрөйүп отуруу


Бүкүрөйүп жана туура эмес абалда отурган убакта омурткалар кыйшайып калат. Булчуңдарда тең салмактуулук чыңалып, андан улам ооруксунуп чарчайт. Андыктан бүкүрөйбөй туура отуруп, түз басып, жакшы фигурага ээ болуп, бүтүндөй образга жакшы таасир калтырыңыз.

5. Эс алуу маалында гана күндөн коргонуу




Ультрафиолет нурлары —теринин эрте картаюсунун эң башкы себепчиси болуп саналат. Ошондуктан күндөн коргоочу бет майды күн бүркөлгөн убакта да колдонууну унутпаңыз.Анткени күн бүркөлгөн убакта булуттар атмосферада пайда болгон 80% ультрафиолет нурларын өткөрөт.

6. Мекеме жайларды ашыкча жылытуу


Бөлмөлөрдү жылытууда андагы аба кургап кетет. Бул заматта чачка жана териге таасир берип, нымдуулук азаят. Бөлмөлөрдөгү жылуулук салкыныраак болуусун камсыз кылыңыз, өзгөчө жатуучу бөлмөлөрдү.

7. Кумшекерден толугу менен баш тартуу




Көп өлчөмдөгү таттуу фигурага зыяндуу болгону менен көтөрүңкү маанай баарынан да маанилүү эмеспи. Ошондуктан анда-санда таттуу да жеп коюу керек. Бирок эске сактай кетүүчү нерсе бул жердеги негизги сөз “кээде”. Эгер көп өлчөмдө тамактанууну кааласаңыз мөмө жана жер жемиштер жардамга келет.

8. Сыналгыны көп убакыт көрүү



Сыналгы көрүүгө корогон бир саат убакыт өмүрдү болжолдуу түрдө 22 мүнөткө кыскартат. Бул интернет жана компьютер сүйүүчүлөргө да тиешелүү. Ар бир жарым саат сайын туруп көнүгүүлөрдү жасоону сунуштамакчыбыз.



9. Аз уктоо




Чоңдор күнүнө 7 же 8 саат уктоосу керек. Аз уктап калган маалдарда калыптана албай жумушка, бүтүндөй организмге жана келбетке кедергисин тийгизет. Ошону менен бирге эле адистер кечки саат 10-11 де жатып уктоону сунуш кылышат.

10. Бир нерсеге жетише албагандан улам стресс болуу




Өнөкөт стресс клеткалардын регенерациялоосуна олуттуу зыян келтирет. Организм тез чарчап жана картая баштайт. Көпчүлүк учурда жыйнактуу боло албагандыктан стрессти өзүбүз чакырабыз. Түрдүү нерселерге кабатыр боло берүүнүн ордуна бардык нерсени өз маалында аткарууга аракет кылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!