Бетке арналган гимнастика

Бетке арналган гимнастика
24-Ноя. 2017, Жума, 10:09

Сиз күлүп, ыйлап, таң калган сезимдерди баштан өткөргөн кезде, бет териңизде бырыштар пайда болот. Ал – табигый кубулуш. Бирок бет терисинде андай бырыштар көбөйүп кетпеши үчүн күндө гимнастика жасап турган оң. Күнүнө 15-20 мүнөт убакытыңызды бөлгөндүн өзү жетиштүү. Башкысы бул ишти адатка айландыруу кажет.

1. Алакандын кыры менен кашыңызды кысыңыз, бирок акырындан жасаңыз. Себеби сиз жаңы бырыштарды пайда кылууга эмес, аларды азайтууга жасап жатканыңызды унутпаңыз. Баш бармак менен көздүн учтарын, ал эми сөөмөй менен каштын араларын карап туруңуз. Манжаларыңыз менен кармап кашыңызды көтөрүүгө тырышыңыз. Ар бир 10-15 секунд сайын, үч жолудан каталаңыз.

2. Кашыңызды болушунча жогору көтөрүңүз. Андан кийин аны алаканыңыз менен кармап туруңуз. Баш бармактарыңызды кулак калканына тиреңиз. Болушунча тырышып, кашыңызды түшүрүңүз.

3. "Көздүн кыйыгы" жыйналаган жерге четки бурчуна ортоңку бармак менен басыңыз. Ал сөөмөйдү ички бурчуна басыңыз. Ушул капта көзүңүздү болушунча ачып, өйдөнү караңыз. Көздүн жогорку тушуна күч келгенин сезүү керек.

4. Оозуңузду ачып, эриниңизди ичке карай киргизиңиз. Ал сөөмөйдү бетиңизге коюңуз. Эриниңизди ичке тартып отуруп, болушунча кеңирээк күлүүгө тырышыңыз. Манжаларыңызга териңиздин каршы келгенин сезиңиз. Ушул гимнастиканы 10-15 жолу кайталаңыз.

5. Мурундун учун сөөмөй менен бир аз көтөрүңүз. Экинчи колуңуз менен аны түшүрүүгө тырышыңыз. Бир нече ирет кайталаңыз.

6. Эриндин четин сөөмөй менен кармап туруп, болгон күчүңүз менен күлүүгө тырышыңыз. Күлкүңүздү чама менен 15-20 секунд кармаңыз.

7. Сөөмөй бармактарыңызды эриндин жогорку жагына коюп, жылмайып, "А" тамгасын катуураак айтууга аракет кылыңыз. Ушул гимнастиканы 15 иретке чейин жасаңыз.

8. "Оооо" добушун айткандай эрниңизди дөңгөлөктөй кылып чыгарыңыз. Тилиңизди таңдайга тийгизип туруңуз. Манжаңыз менен эрин учтарын туртүп, козгоңуз. Бир нече ирет кайталаңыз.

9. Тике отуруңуз. Эгиңизди болушунча алдыга чыгарыңыз. Ошол калпта 20 секунд туруңуз. Кайталаңыз. Натыйжасында ээк жана моюн булчуң эти катуулана түшөт.

10. Күлкүлү гимнастика: тилиңизди чыгарыңыз, жаагыңызды алдыга чыгарып, башыңызды айлантыңыз. Моюн булчуң эттертне күч түшкөнүн байкайсыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!