Косметикалык каражаттардын терс таасири

Косметикалык каражаттардын терс таасири
28-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:37

Сулуу жана жаш көрүнүү эзелтен бери кыз кишилердин эңсеп келген каалоосу. Сулуулук бет жүзүбүз менен эле чектелип калбайт. Сулуулуктун эң алгачкы тепкичи — тазалык. Сулуулук, сымбаттуулук, кооздуктун баалануусу заман талабына шай өзгөрүп отурарын билсек да, табигый сулуулук ар дайым жасалма сулуулуктан алдыда экенин унутпаганыбыз жөн. Акыркы кездери татуаж, жасалма кирпик чаптатуу, эринди чоңойтуу, беттеги ашыкча терини операциялык жол менен алдыртуу, жасалма чач тагуу, тырмак өстүрүү жана башка ушул сыяктуу нерселер кыздардын кумарына айланды десек да болот. Ушунун натыйжасында теринин рак оорусу, ар түрдүү тери оорулары, тери грибоктору жана башка ооруларга чалдыгуу көп кездешүүдө. Башында сулуу, кооз көрүнгөнү менен аягында жапа чегип кала турганын билип сулуулук үчүн жанын курмандыкка чалган аялдар — косметикалык боёкторду пайдалануудан да ден-соолуктарынын начарлоо кооптуулугу бар экенин биле беришпейт. Сактыкта кордук жок деген. Ошондуктан косметика тандоо учурунда көңүл буруучу нерселерди сунуштайбыз:

1.Косметика сатып алуу учурунда консервантсыз косметикаларды алганыңыз жөн. Косметикадан “PARABEN FREE” жазуну издеңиз, эгер “Paraben free” жазуу болсо консервантсыз деген сөз. Консерванттуу косметикалар аллергия, денеге кызыл тактар пайда болот. Көкүрөк рагын туудуруу коркунучу бар.

2.Чачка арналган гель же болбосо ар түрдүү шампунь, бальзамдардан силиконсуз түрүн пайдаланууга тырышыңыз “SILICONE FREE”.

3.Пудранын курамында тальк болсо сиздин ден соолугуүзга кооптуу. Себеби магнезия силикатынан өндүрүлгөн тальк, өпкөнүн рак оорусуна алып барат. Эгер “TALK FREE” жазуусу болсо коопсуз болуп саналат.

4.Жаныбарлар майы “Animal Fat”. Майлуу карандаш, помада жана башка майлуу боёктордун курамында болот. Жаныбарлар майы — бактериялардын көбөйүүсүнө себепкер. Жугуштуу ооруларды туудурушу ыктымалы жогору.

5.Косметикада “MINERAL OIL” жазуусу болсо (тональный кремдерде), мунайдан өндүрүлгөн. Тагыраагы териде майлуу пленка түзүлүп, тери клеткаларынын бүтөлүүсүнө алып келет. Ошонун кесепетинен бет терисинде кызыл тактар, ириңдүү безеткилер пайда болот.

6.Кирпик боёгуч сатып аларда “FIBER FREE” жазуусу барын алганыңыз туура. Бул силиконсуз жана сапаттуу, көзгө зыяндуулугу төмөнүрөөк болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!