Бет териси үчүн кышкы маскалар

Бет териси үчүн кышкы маскалар
16-Дек. 2017, Ишемби, 14:59

Беттин жакшынакай териси - айымдын жагымдуулугунун эң негизги көрсөткүчү. Сууктун түшүшү менен ал өзгөчө кам көрүүгө, кошумча азыктанууга муктаж болот. Андыктан, үй шартында кышкы маскаларды жасап, бетиңиздин абалына кам көрүңүз.

Төө буурчак маскасы

Ак төө буурчакты таза жууп, бир нече мүнөт сууга чылап коңсуз. Андан соң кайнатып бышырасыз. Вилка менен эзип, ага жарым лимондун ширесин сыгасыз жана бир чай кашык оливка майын кошосуз. Жылуу боткону бетиңизге 20 мүнөт койгон соң салфетка менен аарчып, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска кургак беттерге жакшы. Ал бетти азыктандырат жана агартат.

Япон маскасы

Бул масканы жасоо эң оңой. Ал үчүн балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетиңизге жарым саат коюңсуз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Терини тез картаюудан сактоо үчүн бул япон маскасын маал-маалы менен колдонуп туруу зарыл.

Ачытылган капуста маскасы

Ачытылган капустанын жалбырактары беттин терисин тазалайт жана жашартат. Бетиңизге жана моюнуңузга жалбырактарды коюп, 20 мүнөт жатасыз. Масканы алган соң мээлүүн суу менен жууп, азыктандыруучу крем коюп алуу зарыл.

Жумуртканын сарысы менен лимон маскасы

Бир жумуртканын сарысын көбүгүн чыгара чалып, ага бир лимондун ширесин сыгып кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Ката баштаганда дагы бир кабат, андан кийин дагы бир кабат сүйкөйсүз. Масканы жалпысынан 15 мүнөт кармап, андан соң муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска майлуу беттерге ылайык келет. Эгер сиз да жасасаңыз, бетиңиздин тешикчелери жабыла түшкөнү дароо байкалат.

Алма маскасы

Бир алманын кабыгын аарчып, кубик кылып туурап, аны сүткө кайнатуу зарыл. Пайда болгон боткону жылуу калыбында бетиңизге 20 мүнөт коюп, андан соң мээлүүн суу менен чайкап саласыз.

Дрожж маскасы

Болжол менен 20 граммдай дрожжду 1 чоң кашык сүткө ээритип аласыз. Аралашманы бетиңизге сүртүп, кургаганча күтөсүз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Дрожж маскасы безеткиге жакын беттер үчүн жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!