Жагымдуу тери үчүн кайсы азыктар натыйжалуу?

Жагымдуу тери үчүн кайсы азыктар натыйжалуу?
23-Дек. 2017, Ишемби, 12:33

Спорт менен машыгуу, таза абада сейилдөө адамдын жакшы көрүнүшү үчүн аздык кылат. Биздин терибиз туура тамактануудан да көз каранды. Атүгүл эң кымбат, эң натыйжалуу кремдер да айрым азыктардын алдында күчсүз болуп калат. Андыктан сулуу көрүнөм десеңиз рационуңуздан майлуу жана туздуу азыктарды азайтып, жаңы жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеңиз. Беттин жагымдуулугуна өз таасирин тийгизүүчү өзгөчө баалуу азыктардын айрымдарын атайын адистер бөлүп чыгышкан.

1. Балык жана деңиз жандыктары

Активдүү компоненттер: майлуу кислота, цинк.

Натыйжасы: Жылмакай, таза тери

Деңиз жандыктарынын ден-соолукка пайдалуулугун айтып түгөтө албайбыз. Алардагы цинк жана майлуу кислота теринин жаңыланышында чоң роль ойнойт. Организмде бул компоненттердин жетишсиздиги - тез картаюуга алып барат. Балыктын курамындагы майлуу кислоталар теринин нымдуулугунун деңгээлин кармап турат. Мындан тышкары, цинк жүрөктүн артериясына таасирин тийгизип, кан айланууну жакшыртат жана бетке безетки менен ар кандай бүдүрлөрдүн чыгуусунун алдын алат.

3. Ток сары жана жашыл жашылчалар

Активдүү компоненттер: А витамини, бета-каротин.

Натыйжасы: чың, жылмакай тери.

Эгер сиздин териңизде сезгенүү пайда болсо, демек, организмиңизге А витамини жетишпейт. Бул витамин ток сары жана жашыл жашылчаларда бар. Сабиздин жана жашыл жалбырактуу жашылчалардын курамында кездешкен бета-каротин теридеги клеткаларды жаңылоого жөндөмдүү. А бул болсо жаштыкты узартуу дегендик. Бирок эсиңиздерде болсун, А витамини май менен жакшы сиңет, андыктан, сабизди өсүмдүк майы же сметана менен жегенде натыйжалуу болот. Сабиздин ширесин сыгып ичкиңиз келсе, ага бир аз сливки кошуп коюңуз.

2. Цитрус өсүмдүктөрү

Активдүү компонент: С витамини.

Натыйжасы: Жылмакай тери.

Жаштыкты сактоочу витаминдердин бири - С витамини. Бул витамин косметология дүйнөсүндө бекеринен кеңири колдонулбайт. Биз бул витаминди бетке сыйпалуучу кремдердин курамынан таба алабыз. Анткени ал биздин терибиздин жакшы көрүнүшүнө чоң таасирин тийгизет. Бул элементтин синтези жайлап калганда тери былбырай түшөт. Ошондой эле С витамини бузулган клеткаларды калыбына келтирүүчү компонент болуп эсептелинет.

Андыктан апельсин , грейпфрут сыяктуу цитрус жемиштерин белгилүү өлчөмдө такай жеп туруу бетке бырыштын түшүүсүн жайлатат. С витамини айрыкча туздуу ваннаны сүйгөндөргө жана тамеки чеккендерге сунуш кылынат. Алардын организмине бул витамин жетишсиздик кылат.

4. Сөөктүү жемиштер

Активдүү компонент: Е витамини.

Натыйжасы: жаш, назик тери.

Өзгөчө бадамдын курамында көп кездешкен Е витамини тери үчүн аябай баалуу. Бул витамин теринин картаюу процессин жайлатат жана аны зыяндуу ультранурлардын таасиринен сактайт, нымдуулуктун керектүү тең салмактуулугун кармайт, негизи эле терини жашартат жана тазартат. Бадамда, мистеде, грек жаңгагында кездешүүчү майлуу кислотанын да жагымдуу тери үчүн ролу чоң.

5. Дан өсүмдүктөрү

Активдүү компоненттер: рутин жана В тобунун витаминдери.

Натыйжасы: таза, нымдуу тери.

Курамындагы рутиндин эсебинен дан өсүмдүктөрү күчтүү антиоксиданттар болуп эсептелинет. Рутин теринин сезгенүүсүнө тоскоол болуп, тери ооруларынын алдын алат. Ал эми В тобунун витаминдери жалпы эле организмдин кадимкидей иштешинде чоң роль ойнойт. Ошондой эле дан өсүмдүктөрүндө Е витамини, майлуу кислоталар бар. Анан албетте, кара нан тууралуу унутпаңыз. Ал ичегилердин иштешин жакшыртат. Бул болсо өз кезегинде беттин өңүнө таасирин тийгизет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!