Айымдар тууралуу кызыктуу фактылар

Айымдар тууралуу кызыктуу фактылар
7-Март 2017, Шейшемби
  1. Көпчүлүк өлкөдө орточо эсеп менен айымдар эркектерге караганда узак жашашат.
  2. Батыш окумуштууларынын изилдөөлөрүнө таянсак айымдар 437 түрдүү нерселерди жуунучу бөлмөдө сакташат.
  3. Айымдар эркектерге караганда эки эсе бат көз ирмешет.
  4. Американын Колорадо штатында аялы уктап жатканда аны өпкөнгө болбойт. Айымдар кол алышып учурашкан маалда эч качан колду бекем кысышпайт.
  5. Англиялык окумуштуулар атыжок манжасы кыска болгон кыздар спортто көп ийгиликтерге жетишери туурасында айтып чыгышты.
  6. Эгерде аялзатына колуңду сун десе көпчүлүгү алаканын ылдый каратып сунушат.
  7. Кандай гана чач болбосун (кыска болсо дагы) ар бир айым башын жуугандан кийин сүлгү менен чалма сыяктантып ороп алат.
  8. Ал эми чакырган убакта моюнун гана буруп карайт. Бул деген моюнунун ийкемдүүлүгү туурасында кабар берет.
  9. Айымдар колу бош турган учурду жаман көрүшөт, ошондуктан ар дайым колунда сумка, желдеткич, мээлей же гүл болот.
  10. 75 пайыз айымдар самындап жуунуу териге зыян дешет.
  11. Эң алгачкы программист айым – Англиянын тургуну Ада Лавлэйс.
  12. Айымдардын жүрөгү эркектердикине караганда 20% кичине.
  13. Эгерде аялдардын ишеничин кайтаргыңыз келсе анда аларды 20 секунд кучактап коюу гана жетиштүү.
  14. Айымдардын угуусу эркектердикине караганда жакшы.
  15. Илимий жактан далилденген фактыларга таянсак, айымдардын мээси 10 пайызга эркектердикине караганда кичине.
  16. Социологдордун изилдөөсү көрсөткөндөй Германияда 35 пайыз айымдар күйөөлөрүнө караганда көбүрөөк маяна алышат. АКШда бул көрсөткүч 30% болсо, ал эми Европада -59%га жеткен.
  17. Аялдар эркектерге караганда көп сүйлөшөт, бир күн бою эки үч эсе көп. Бул мээдеги рахат алуу борборуна байланыштуу.
  18. Аялдар караңгыда жакшы көрүшөт. Мындан сырткары перифериялык көз карашы жакшы өөрчүгөн.
  19. Аялдар жөргөмүш, жылан, чычкан жана дагы чегирткелерден коркушат (алар ошончолук кооз болсо да).
  20. Дүйнөдө аялдардын көпчүлүгүнүн IQсу - эркектердике салыштырганда 196 пайызга жогору. Бирок Нобель сыйлыгы түзүлгөн 1901-жылдан тарта аталган сыйлыкты алгандардын ичинен отуз үчү гана айымдар болгон. Баардык сыйлык ээлеринин саны 797 адам.
  21. Күн сайын эринине эндик-помада боёгон аял бүтүндөй өмүрү бою 2 кг. эндик жейт.
  22. Гендердик теңсиздикти жоюу үчүн дүйнөдө 100 млн. жакын айым жетишпейт. Көпчүлүк аялдардын өлүмү Азияда катталган.
  23. Баардыгы болуп дүйнөдө 10 аял президеттик кызматты ээлеп келишет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!