Бетке арналган бал маскасы

Бетке арналган бал маскасы
9-Март 2017, Бейшемби

Бетке арналган бал маскалары эмнеси менен бет тирисине жакшы таасир берет жана анын пайдалуулугу туурасында сөз болмокчу. Балдын пайдалуулугу....

Балдын курамы бет териге пайдалуу болгон микроэлементтер жана витаминдерге бай. Алардын жардамы менен бал бет териге тереңдеп кирет жана жакшы азыктандыруучу зат болуп саналат. Бал бет теринин үстүңкү катмарына чел кабык пайда кылат, ал нымдуулукту сактайт, бирок тешикчелердин бүтөлүшүнө жол бербейт. Бул маскалар бет териси үчүн лифтинг-эффект берип, терини тартып жана жумшак абалга алып келет. Бал кошулган масканы баардык түрдөгү бет терилерге колдонсо болот.

Балдан маска:

Бал - сулуулукка да жардам берет, ал бетти тазалап, бырыштарды кетирип жана жылмакай кылат.

25 г спирт, 25 г. суу жана ага 100 г балды аз гана ысытып кошуп, аралашканча чайкайт. Мындай масканы бетке 10-15 минут кармайт. Бул бетти тазалайт, жумшартат жана дезинфекция кылат.

Бир кашык балды, 2 стакан жылуу сууга эритип 5-7 минуттан кийин жатаарда бетти жууйт. Процедура бүткөндөн кийин бетти суу менен чайкайт. Муну балдын суусу деп атайт. Бал бетке жакшы сиңип, бет жумшарат жана бырышы азаят.

Бал менен сулуу жармасы

Үй шартындагы бетке кам көрүүнү дал ушул бал менен сулуудан баштоо керек. Анткени бал менен сулуу жармасын аралаштырып бетке сүйкөсөңүз, натыйжасы көп күттүрбөйт. Бал бетиңизге пайдалуу заттарды берсе, сулуу бетти тазартып, нымдаштырат. 2 аш кашык сулууну 3 мүнөт сууга кайнатып, бөлмө температурасында кармаган соң, ага бир аш кашык бал кошосуз. Кошулманы аралаштырып, бетке сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу керек.

Лимон, сода маскалары

Бал-глицеринден жасалган маскага бир чай кашык бал менен бир чай кашык глицеринге 2 чай кашык суу аралаштырылып, ага 1 чай кашык буудай же сулуу кошуп жасалат (глицериндин ордуна 3 чай кашык арак кошсо болот, анда суу кошулбайт).

Бал-лимондон жасалган маска теридеги пигменттик тактарды, сепкилди кетирүү үчүн жасалат. 2 аш кашык балга 1 лимондун маңызы кошулат. Аралашмага даки салфетканы малып, аны бетке 15—20 минутадан 2—3 жолу кайталап жабат. Анан бетти жылуу суу менен жууп салат.

Ашкана содасы бетке чыккан түрдүү безетки менен күрөшсө, лимон бет териси агартат. Бул маска көбүнчө майлуу беттерге жакшы жардам берет. Бир аш кашык бал менен лимон ширесин кошуп, ага бир аш кашык ашкана содасын салып аралаштырабыз. 10 мүнөттөй күтө туруу кажет. Лимон менен бал кошулмасы бетти ачыштырышы ыктымал, ал учурда бетти тез арада жууп салуу керек. Кийин лимондун 2-3 тамчысын гана кошуп, аталган масканы кайрадан жасоого болот.

Бал менен жумуртка

Жумуртканын сарысына бал кошкон маска кургак, бырыш кире баштаган же нормалдуу териге пайдалуу. Жумуртканын сарысына 1 аш кашык бал же 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп чалат. Бетке азыктандыруучу бет май сүйкөп, аралашманы 3 жолу жабат, 20—25 мин. кармап, анан жылуу суу менен жууп салат. Кургак териге андан кийин да бет май сыйпоо пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!