Киви маскалары

Киви маскалары
29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:06

Бетти тазалоочу маска:1 даана кивинин кабыгын аарчып, этин бирдей массага келгенге чейин аябай майдалайсыз. Башка эч нерсе кошпой бетиңизге калың кылып сүртүп, 15-20 мүнөт жатыңыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз. Процедура учурунда жеңил ачыштырууну сезсеңиз коркпоңуз, бул органикалык кислоталардын таасир этип жатканы.

Кургак терилер үчүн маска-скраб:1 даана кивинин этин пюре кылып эзип, ага 1 чай кашык бал, 1 чоң кашык апельсиндин ширесин жана өсүмдүк майын, 1 чоң кашык каймак, 1 чай кашык бадамдын майдаланган талканын кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Бул аралашманы бетиңизге сүртүп, манжаларыңыздын учу менен 5 мүнөт жеңил массаж кылыңыз. Андан соң нымдуу кебез менен тазалап салыңыз.
Майлуу терилер үчүн маска: Бирдей өлчөмдөгү кивинин, лимондун этин жана кыргычтан өткөрүлгөн хренди алыңыз. Булардын баарын жакшылап аралаштырып, 5-10 мүнөт бетиңизге коюңуз. Андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.
Жашартуучу маска:1 даана кивинин кабыгын аарчып, өтө майда кылып туурайсыз жана аны 1 чай кашык бал менен аралаштырасыз. Аралашманы 10-15 мүнөт бетиңизге сүртүп, андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Мындай маскадан кийин тери С витаминине каныгат. Эгер мындай масканы маал-маалы менен кайталап турсаңыз, сизде картаюу процесси жайлайт.
Терини азыктандыруучу маска:Кабыгы аарчылган 1 даана кивини, жарым бананды пюре кылып эзиңиз. Экөөнү аралаштырып, үстүнө 1 чоң кашык быштак салыңыз. Жакшылап аралаштырып, бетиңизге калың кылып сүртүп 20 мүнөт жатыңыз да, жылуу суу менен жууп салыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!