Анар маскалары

Анар маскалары
8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:32

Терини жашартуучу маска: Анардын 2 чоң кашык ширесине 1 чай кашык балды, 1 жумуртканын сарысын, 1 чай кашык өсүмдүк майын, 1 чоң кашык сулунун унун кошуп, үстүнө бир аз өлчөмдөгү жылуу сүт куясыз да, жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге 15 мүнөт жапкандан кийин бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз.

Бетти тазалоочу скраб-маска: Анардын данектерин кургатып аласыз. Аны кофемолканын жардамы менен майдалайсыз. 1 чоң кашык майдаланган данекке 1 чай кашык майда тузду жана өзүңүз бетиңизди жууп жүргөн гелден бир аз кошуп аралаштырасыз. Муну сууланган бетиңизге массаж кылган калыбыңызда эки мүнөт сүртөсүз. Андан соң салкын суу менен жууп саласыз.
Агартуучу маска: Анардын ширесинин 2 чоң кашыгына 1 чоң кашык каймак, 1 чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырасыз. Муну 15 мүнөт бетиңизге жабасыз.
Майлуу терилүү беттер үчүн лосьон: Анардын ширесин эртең менен, кечинде бетиңизге сүртөсүз. Бул теринин майлуулугун азайткандан тышкары безеткилерди кетирет, бетти агартып, түсүн жакшыртат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!