Беттеги тактардан арылабыз

Беттеги тактардан арылабыз
14-Март 2017, Шейшемби

Безетки бой жеткенден тартып майлуу бет терисинин көйгөйү болуп келет. Безеткинин чыгышынын бир нече себептери бар. Алар безетки жыныстык жактан жетилген курагында, тукум куучулуктан, тамак сиңирүү көйгөйлөрү болсо,стресс, тамеки жана ичимдиктен, аба ырайынын алмашуусу сыяктуу бир топ себептерден болот. Үй шартында бетти безеткиден тазалоонун оңой жана табигый жолдорун сунуштамакчыбыз.

Бал маскасы

Бир чай кашык бал

Жумуртка агы-1

Сүт-1 аш кашык

Даярдалышы:

Алгач жумуртканын агын көпкөнчө чалып, андан соң калгандарын кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон аралашманы таза бетке укалап сүрүп 15 мүнөт күтүүңүз кажет. Жылуу суу менен масканы жууп салыңыз. Жумасына эки ирет бул масканы жасап турсаңыз болот.

Аш соодасынан жасалган маска

Аш соодасынан алаканыңызга салып, үстүнө бир аз суу куюп эзесиз. Аны таза жуулган бетиңизге сүртөсүзда, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бул масканы жумасына 2-3 жолу жасасаңыз жетиштүү болот.

Айран-лимон маскасы

Безетки тактары үчүн бул масканы эки күндө бир колдонууга болот.

1 аш кашык айран

5 тамчы лимон согу

Даярдалышы:

Айран жана лимон согун аралаштырып бетиңизге коюп, анын кургашын күтүңүз. Кургагандан соң бетиңизди жылуу суу менен жууңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!