Банан маскалары

Банан маскалары
20-Фев. 2018, Шейшемби, 12:16

Терини нымдоочу маска: 1 даана бышкан бананды пюре кылып эзип, ага 2 чоң кашык быштакты, 1 чоң кашык сливканы жана 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге, моюнуңузга 30 мүнөт коюп анан жууп саласыз.

Майлуу терилер үчүн: Банандын 1 чоң кашык пюресине лимондун 1 чай кашык ширесин жана 1 жумуртканын сарысын кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Масканы бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн кийин салкын суу менен жууп салыңыз. Мындай маска агартуучу да касиетке ээ.

Жашартуучу маска: 1 даана бананды кыргычтан чыгарыңыз. Ага 1 чай кашык бал, 2 чоң кашык йогурт, 2 чоң кашык сулунун унун кошуп коюу аралашма жасаңыз. Муну 15 мүнөт бетиңизге жаап, жылуу суу менен жууп салыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!