Балык куйруктары сыяктуу каштар

Балык куйруктары сыяктуу каштар
22-Фев. 2018, Бейшемби, 12:22

Бул сыяктуу каштын автору америкалык визажист жана сулуулук блоггери Худа Каттан болду. Анын сүрөттөрү балык куйруктары түрүндөгү каш формалары “Instagram”-да жарыяланады.

Америкалык сулуулук блоггери жана визажист Худа Каттан “Instagram” баракчасына макияж тармагындагы жаңы трендди көрсөттү. Кыз каштарды балыктын куйруктарындай форма берген. Бир күндө бул сүрөттү бир миллионго жакын “лайк” жыйнаган.

Сүрөттө көрүнгөндөй Худа кашты эки бөлүккө бөлгөн, андан улам ал куйрукка окшоп калган. Бир бөлүгү жогору карап турат, экинчиси эч өзгөрүүсүз калаган.

Кийинчээрек сүрөттөр фейк жана фото редактордун жардамы менен жасалганы белгилүү болгон. Ошентсе да, көптөгөн визажисттер бул идеяны карандаштын жардамы менен ишке ашырышат деген ойдобуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!