Жазында бетке кам көрүү

Жазында бетке кам көрүү
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:06

Бет терисин жазында тазалоонун, кышында тазалагандай айырмачылыгы бар. Суук күндөрдө башкысы сиңирүү жана жумшартуу аркылуу тазартса, ысык күндөрү беттин тешиктерин терең тазалап, салкындатып жана күн нурларынан пайда болгон кабаттан жакшылап тазалап кетирүү керек.

Эгер териңиз өтө кургак, жука жана сезимтал болбосо, аны жаз мезгилинде атайы куралдар менен эртең менен кечинде тазалоо жетиштүү. Ысык күндөрдө тер бездери түнкүсүн да иштейт, ошондуктан түнкү маалда териңизге май жана тез бездери бөлгөн бир аз кабат жыйналат. Эртең менен бетиңизди жөн гана суу менен чайкап жууп койгондон, сиз аны толук кетире албайсыз. Анын үстүнө макияж жасасаңыз, тешиктерди бүтөп салат. Ошондон бет териңиздин түсү күңүрт тартып, беттеги тешиктер кеңейип, кызарып, безеткилер пайда болушу ыктымал. Экинчи жагынан, түрдүү куралдарды колдонуп, айланадагы зыяндуу нерселерден коргогон табигый кабатты бузуп алууга да болбойт.

Эртең менен эмне кылуу керек?

Бетиңизди жылуу суу менен жууп алгандан кийин териңизди тоник менен сүртүңүз. Тоник теридеги кирлерди кетирип, терини крем сүйкөөгө даярдайт. Тазалоонун бул этабында аны энергетикалык массаж менен бирге жасаса пайдалуурак болот. Ал үчүн тоник куюлган ватаны көздүн ички жагынан сыртына карай, андан кийин параллель боюнча төмөнкү жакты, тагыраак айтканда, мурун кырынан кулактын артына карай жакшылап укалаңыз. Чекени ортосунан четине карай, ээкти төмөндөн жогору карай вата менен массаж жасап сүртүңүз. Бул тердөөнү азайтат жна териге кошумча тонус берет.

Күндүз эмне кылуу керек?

Эгер сиз күнү бою макияж (мисалы, тональ креми) сүйкөп жүрсөңүз, териге кир нәрселер терең кирбейт. Эгер сиз макияж жасабасаңыз, кечке чейин кир жыйналып калбаш үчүн терини эки жолу тазалап алган оң. Ал үчүн бетиңизди жылуу (термальный) суу менен чайкап, андан кийин жумшак сүрткү менен сууну сиңирип алыңыз (бетиңизди сүлгү менен катуу жышып сүртпөңүз).

Кечинде эмне кылуу керек?

Кечкисин жакшылап тазалоо керек. Макияжды атайы курал менен сүртүңүз. Андан кийин массаж жасап, гель же көбүкчө (пенка) менен жууңуз. Бет жуган курал тандаганда көбүкчөнүн түрүн алсаңыз болот. Алар териге жакшы таасир берип, тез жуулат. Жумасына бир же эки жолу териге «мончо күнүн» жарыялаңыз. Ал үчүн терини бир аз бууга тосуп, кургак терилер үчүн сраб колдонуңуз. Скрабтан кийин тоник менен сүртүп, нымдаштыруучу крем сүйкөңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!