Жигиттер кыздар тууралуу эмне билиши керек?

Жигиттер кыздар тууралуу эмне билиши керек?
28-Март 2018, Шаршемби, 18:42

Кыз киши, жалпы эле аялзаты изилдесе түбү жок кубулмалуу жандар. Табигаттын мыйзамына багынган эркек менен аялдын арасында болгон сүйүү, сезим – баары өзгөчө кубулуш. Ошентсе да, жигиттер кыздар коомчулугуна келгенде мокок болушат. Себеби аларга эмне керек экенин билгиси келет, каалаганын алып бергиси келет же жакын тартып сүйлөшкүсү келет. Бирок ушулардын баары учурунда ишке ашпайт. Ошол бойдон калып калат. Жигиттер өздөрүнө өтө ишенимдүү болушат.

Бул ишенимдин аягы дага алып барып такайт. Мисалы, жигиттер кызды "мени сүйдү" экен деп, "ал менден кете албайт" деген сыяктуу ойлор калыпташат. Ал эми бул ойлордун аягы ошол сулуудан ажырашууга алып барат. Ошондуктан жигиттер кыздар тууралуу бир нерсени эске алуулары керек.

Кыздарга көңүл бөлүңүз

Көңүл бөлүү – кыздардын эң алсыз жери. Аларга бир мүнөт көңүл бөлбөй, башыңызды башка жакка буруп кетсеңиз, кыйын болот. Сизди чоң уруш же эки жакка айрыган жол күтүп турат. Себеби кыз киши ар дайым бирөөнүн камкорлугунда, коргоосунда болгонду жакшы көрөт. Ал эми эркелиги айтпасак да белгилүү.

Кыз менен 2-3 жыл бирге жүрүп, махабат бакчасын араласаңыз да, баари бир ага көңүл бөлүү керек. Анткени, алардын дарты – көңүл. Миң жерден керемет, сулуу жана акылдуу жигит болсоңуз да, сүйүктүүңүзгө көңүл бөлбөй калсаңыз, ал “меники” деп ойлобоңуз. Ал башка бирөөнүн сүйүктүүсү болуп кетсе таң калбаңыз. Себеби сиз баш тарткан маалда анын артынан чуркап жүргөн башка бирөө илип кеткенге жетишти.

Кыздар өздөрүнө эмне керек экенин так биле алышпайт. Бул да мыйзамдын бири. Алардын эркелеп турганын, таарынып же кубанып турганын билүү өтө кыйын. Кубулуп турган аба ырайы сыяктуу бирде жаан жаап, бирде күндөй чайыттай ачыла калышат.

Ошондуктан кыздардан өздөрү билбеген нерсени талап кылуунун кереги жок. Болгону ишке көчүү керек. Ошол кезде гана алар өздөрүнө эмне керек экенин так айта алышат. Мисалы, курсагы ачка болуп турса да “жок” деп жооп берет. ачууланып турса да, «жок» деп жооп берет. Ушул учурдан чыгуу үчүн алардын көзүнөн көрүүгө болот жна аракеттери менен добушуна көңул бөлүңүз. Кыз киши – табышмактуу келишет. Алар тууралуу билген бир нерсе сыяктуу, аларга бир гана нерсе берүү керек: көңүл бөлүү менен камкорлук. Бул экөө сиздин сүйүүңуздүн бекемдигине кепил боло алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!