Мырзалар менен айымдардын айырмачылыгы

Мырзалар менен айымдардын айырмачылыгы
5-Апр. 2018, Бейшемби, 10:02

Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда аял менен эркектин 300 айырмачылыгы бар экен. Эркек менен кыздын айырмачылыгы бешикте жатканда эле байкала баштаары белгилүү болгон. Медиктердин байкоосунда эркек бала ары-бери оодарылып, үзгүлтүксүз кыймылда болот. Ал эми кыздар болсо көздөрүн чоң ачып, айланага көп көз жүгүртө беришет.

Айымдар жытты жакшы сезип биле алышат, бирок, парфюмериядагы адистердин 80 пайызды эркектер түзөт.

Аялдар эркектерге караганда музыкага сезимтал болушат.

Айымдар мырзаларга салыштырмалуу телефон менен үч эсе көп алектенишет. Күнүнө 20 минута убактысын кетирсе, эркектер болгону 6 минута сарптайт экен.

Айымдар кийимин эч качан далысынан кармап туруп чечпейт.

Алар чачын колуна ороп кармалаганды жакшы көрүшөт.

Мончого түшкөн соң чачы узун же кыска болсун ар бир айым сөзсүз түрдө сүлгү менен башын ороп алат.

Айымдардын денеси ийилчээк болгондуктан бир нерсени караганда мойнун, ал эми мырзалар болсо бүтүндөй денесин бурат.

Аялдар колун көрсөткөндө алаканын жерге каратышат, ал эми мырзалар болсо тескерисинче. Бул болсо айымдардын колундагы зергер буюмдарын көрсөткүсү келгендигинен деп эсептешет.

Айымдар дайым сумка көтөрүп жүргөндү жактырышат.

Айымдар тоодон түшкөндө капталдап кыя жолдор менен, мырзалар болсо түз түшкөнгө аракет кылышат.

Айымдар кумда бутунун учу, эркектер согончогу менен басышат.

Аялдар бутун көбүнчө паралелдүү кылып же кайчылаштырып олтурат.

Айымдар кулагын бармактары, эркектер алаканы менен жабат.

Айымдар алгач көйнөгүн, андан соң шымын киет, мырзалар адатта мунун тескерсин кылат.

Аялдар колкапты сыртка чыга электе, эркектер сыртка чыкканда киет.

Айымдар муштум түйөрдө баш бармагын алдыга муштумдун ичине катпастан, сыртка чыгарып кармайт.

Сурамжылоо көрсөткөндөй үй-бүлөлүк бюджеттин 69 пайызын аялдар көзөмөлдөйт.

Жылмаюу эркектер үчүн жакшы болобу же жаманбы, ар түрдүү кырдаалдан чыгып кете ала тургандыгын билдирген ыкма. Аялдардын жылмаюусу болсо аларга караганда чыныгы болуп эсептелип, көңүлдүн куунактыгын, ачыктыгын чагылдырып турат.

Айымдардын көпчүлүгү таттууга, мырзалар болсо туздуу, ачуу тамактарга жакын болот.

Кыздар чет тилди уландарга салыштырмалуу бат үйрөнүп, өздөштүрөт.

Мырзалар адатта катуу болуп, тез чечим чыгарышат. Айымдар болсо көпкө ойлонуп, жакындары менен кеңешкен соң гана бир чечимге келет.

Экөө тең күзгүдөн каранганды жакшы көрүшөт, бирок, ар башка көрүнүшөт. Эркек күзгүдөн дене түзүлүшүнө караса, аял кийген кийимине көңүл бурат.

Уйкусуздуктан 60% аялдар, 40 пайызы эркектер жабыркайт.

Мырзалардын жактырган түсү көбүнчө кызыл, ал эми айымдар көгүлтүр түстү тандашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!