Үйдө отурган аял чарчайбы?

Үйдө отурган аял чарчайбы?
16-Май 2018, Шаршемби, 09:40

Эркек киши – талаа-түздүн адамы. Каражат таап, үй-бүлөсүн багуу анын милдети. Ал эми аялдар, күйөөлөрү жумуштан келгенде кабак-кашын карап, тамак-ашты жайнатып, заматта алдына коё калып, жатаар ордун даярдашат. «Чарчады, эс алсын» дешет.

Ал эми төмөндөгү кызыктуу изилдөөгө көңүл бөлүңүз.
Техас штатындагы университетин окумуштуулары бир күн ичинде аялдар эркектерге карганда көбүрөөк чарчашарын аныкташты. Анын себеби да белгилүү- негизги жумушу менен катар, аялдарга үй иштери (тамак жасоо, кир жуу, баланы бала бакчага же мектепке алып баруу жана башкалар) көптөгөн күч жумшайт.

Ошондой эле, күйөөсү менен балдарынын жагдайын ойлонуу да аялдын психологиялык, эмоционалдык абалына таасир берет. Физикалык эмгектер менен катар, интеллектуалдык эмгек чоң күч-кубат талап кылат.

Мына ошондуктан урамтуу мырзалар! Энелериңиздин, жубайларыңыздын эмгегин баалай билиңиздер! Колуңуздан келсе, аларга жардам берүүгө тырышыңыз.

Ал эми аялзаты назик болсо да таң аткандан күн батканча тынч албаган, чарчоону билбеген, «чарчадым» деп айтпаган кыз-келинчектер бул эмгек үчүн керек болсо тамак бышырганы үчүн, кириңизди жууганы үчүн чоң сыйга татыктуу экенин унутпасаңыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!