Чын сүйгөн адамдын белгилери

Чын сүйгөн адамдын белгилери
14-Июль 2018, Ишемби, 14:59

Ашык болуу – ар бирибиздин башыбыздан бир жолу болсо да өткөн, эң таттуу сезимдердин бири. Жүрөгүбүз алып-учуп, чыдамсыздык менен соксо, кээде коркунуч сезими уялайт. Ашык болгон болсоңуз, жашооңузду сүйүктүү адамыңызсыз элестете албайсыз. Албетте буга чейин өмүр сүрүп келгениңиз анык, бирок ал кезде бар болгону тирүүлүктүн ээси сиз гана болчусуз.

Махабат ар бир адамдын башынан ар кандай өтөт. Анын субъективдүү сезим экени чын. Бирок башынан өткөргөн ар бир адам махабаттын дүйнөдөгү эң сонунун сезим экенин моюндашат.

Чындап ашык болгон адамдын белгилери төмөндөгүдөй болот:

Сиздин сүйүктүүңүз ар бир күнүңүзгө шаттык тартуулайт

Америкалык актер жана музыкант Чайлдиш Гамбино ырларынын биринде «Мен жалгыз калган кезде бир сен менен болууну кыялданам» дейт. Ошол сыяктуу сүйүктүңүздү көргөн күн – чыныгы бактылуу чак. Эгер сиз чындап бирөөнү жакшы көрсөңүз, аны ар дайым көргүңүз келип турат.

Ойгонор менен биринчи оюңузга келген адамыңыз – сиздин өмүрлүк жарыңыз

Ал адам тууралуу эртең менен гана эмес, уктаар алдында да ойлоносуз. Ар дайым кубанычыңызды биринчи ал адам менен бөлүшкүңүз келет. Ал эми жаман бир нерсе болуп калган учурда ошол адамдын колдоосун издейсиз.

Жеке кызыкчылыктар экинчи орунга жылат

Махабат курмандыкты талап кылат. Ашыгыңыздын кызыкчылыгы алдыңкы катарга жылат. Сиздин кызыкчылыгыңыз сүйүктүңүздүн жанында эч кандай роль ойнобойт.

Сиз ал үчүн баардыгын жасоого даярсыз

Сүйүктүүңүз үчүн эмне жасай аларыңыз тууралуу тизме жаза турган болсоңуз, бир дептердин өзү жетпей калышы мүмкүн. Бирөөгө ашык болгон кезде ал адамдын тилегин милдеттүү түрдө аткарасыз. Адамды жактырган кезде ал үчүн бир нерсе жасай аларыбыз анык. Бирок мүмкүчүлүктөр чектелүү болот. Ал эми махабат маселесинде андай эмес.

Өз сезимиңизди башкалардын алдында жарыя кылуудан эч коркпойсуз

Ашык болгон кезде жүрөгүңүздөгү сезим тууралуу бардыгы билсе экен деп ойлойсуз. Өз сезимиңизди жарыя кылуудан коркпойсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
500 евродон баш тартышты
500 евродон баш тартышты
​Тай бокс чемпиону табышмактуу жагдайда көз жумду
​Тай бокс чемпиону табышмактуу жагдайда көз жумду
Бек Борбиев:
Бек Борбиев: "Адахан мырза пикирибиз айрылышып кетти окшойт..."
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Бишкек “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек"
Жаш балдардан дагы баш ооруну байкоого болот
Жаш балдардан дагы баш ооруну байкоого болот
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржыланат"
Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүштү (видео)
Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүштү (видео)
Сөөктү жер семирткич менен жок кылууга уруксат берилди
Сөөктү жер семирткич менен жок кылууга уруксат берилди
Банкоматтардан акча уурдаган кылмыштуу топ кармалды (видео)
Банкоматтардан акча уурдаган кылмыштуу топ кармалды (видео)
Кэтрин уулу Луинин чоңойгондогу сүрөтүн коомчулукка чыгарды
Кэтрин уулу Луинин чоңойгондогу сүрөтүн коомчулукка чыгарды
“Аткинс” диетасы
“Аткинс” диетасы
Маймылдар селфини үйрөнүштү
Маймылдар селфини үйрөнүштү
ИИМ: үч ай ичинде 790 килограммдан ашык баңгизат алынды
ИИМ: үч ай ичинде 790 килограммдан ашык баңгизат алынды
​UFC Санкт-Петербург: Мушкерлер канча акча алышты?
​UFC Санкт-Петербург: Мушкерлер канча акча алышты?
Жээнбеков Орок орто мектебинин жана № 59 мектептин абалы менен таанышты
Жээнбеков Орок орто мектебинин жана № 59 мектептин абалы менен таанышты
​Бишкектеги батирлердин биринен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды
​Бишкектеги батирлердин биринен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды