Кандай жубайлар бактылуу болушат?

Кандай жубайлар бактылуу болушат?
31-Июль 2018, Шейшемби, 17:03

Флорида штатындагы университеттин изилдөөчүлөрү сулуу эмес эркек менен сулуу аялдын никеси бекем болоорун далилдеп чыгышты.

Бактылуу никенин шарты өтө жөнөкөй. Эгер аял күйөсүнөн сүйкүмдүүрөк болсо, анда мырза ар дайым аялынын көңүлүнөн чыгыш үчүн болушунча аракет кылышат. Алар аялдарына ар дайым белек берип, үй иштерине жардам берип турушат. Ушунун натыйжасында, сулуу эмес эркек аялынын өзүн бактылуу сезүүсүнө себепкер болот дейт окумуштуулар.

Тескерисинче эгер аялы күйөөсүнө караганда сүйкүмсүз болсо, анда ал стресске батары айтылат. Алардын диетага отуруп, физикалык машыгууларды жасоого убакыт бөлүп, өздөрүн тартымдуу көрсөтүүгө аракет кылаары аныкталды.

Ал эми өзүн аялына караганда сымбатуурак санаган эркектер аялдарына үй иштеринде жардам бербей, тескерисинче мамилени түзөтүүгө да аракет кылбайт деген чечимге келишти.

“Изилдөөнүн натыйжасы көрсөткөндөй, аялы күйөөсүнө караганда сүйкүмсүз болсо, үй-бүлөдө кыйындыктар пайда болуп, никеге терс таасир бериши мүмкүн”,-дейт изилдөөчү Таня Ренольдс.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!