Эркек киши менен аялдын мээси: 7 айырмачылык

Эркек киши менен аялдын мээси: 7 айырмачылык
14-Сен. 2018, Жума, 10:56

Аялдын мээси эркектикинен 10 пайызга кичирек, бирок эркек кишинин мээси аялдыкына караганада (жашы улгайганда) эрте кичирейет.

Аялдар бир учурда бир нече маалыматты кабыл ала алат. Ал эми эркектер бир убакта бир нече жумушту аткарганды “жактырышпайт”.

Эркектер так илимдерде мыкты болушса, ал эми аялдарга гуманитардык илимдер оңой.

Аялдар сүйлөгөндөн кумар алышып, эркектерге караганда 3 эсе көп сүйлөшөт.

Эгер эркек киши унаасы менен бир жерге биринчи болуп барган болсо, барган жолу менен бурулуштарды эсинде сактап, адашпайт. Ал эми аялдар жол боюндагы дүкөндөр менен имараттарды эсинде сактагандыктан көп учурда адашып кала беришет.

Эркектер «эмне айтылса, ошону жасашат». Ал эми аялдар айтылган сөз менен бирге сүйлөгөн адамдын интонациясына, эмоциясына маани беришет. Ошондуктан ар дайым «эмнеге андай айтты болду экен, муну менен эмне айткысы келди» деп «сарсанаага» батышат.

Эркектер дүкөнгө же базарга барганда өзүнө керектүүсүн гана алып, кетүүгө шашылат. Ал эми аялдар шашпай, сатып албаса да бардык нерсенин баасын билип, сурап жүргөндү жакшы көрүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!