Келечеги жок мамиленин белгилери

Келечеги жок мамиленин белгилери
25-Сен. 2018, Шейшемби, 15:24

Азыр коомдо ажырашуу маселеси көп кездешип жатканын айтпасак деле түшүнүктүү. Бири-бирин түшүнбөй, кепке келбей урушкан жубайлар көп ойлонбостон ажырашууга белсенишет. Муну алдын алуу үчүн үйлөнбөй туруп, мамиленин болочогу бар-жогун аныктап алгандары оң. Ал үчүн төмөндөгү төрт белгиге көңүл бөлүп, салыштырып көрүңүз:

1. Сыноо, кемсинтүү

Арыздануу, наразычылык ар бир мамиледе болоору анык. Бирок сынап, кемчилигин айтуу бул таптакыр башка түшүнүктөр. Бул адамдын аракетин эмес өзүн айыптап, жазгыруу. Мисалы, таштандыны чыгарууну, жаңы шам сатып алууну унутуп кетсе, аны айыптап, тынчын алуу адаты көп аялдарга таандык. Дал ушул касиет мамилени бузуп, түшүнбөстүктөрдү пайда кылат.

2. Шылдыңдоо

Күйөөсү же аялы элдин көзүнчө оор сөз айтып, шылдыңдаган кездер да болот. Бул экинчи адамга оор тийет. Себеби жарынын журт алдында өзүн сыйлабагандыгын көрсөтүүсү кимге болбосун катуу тийет.

3. Айтышуу

Өзүңдүн катачылыгынды билип туруп, моюнга албоо – чоң уруштун башталышы экени баарыбызга маалым. «Мен эмес, сен күнөөлүсүң, сен ушунун баарын баштадың!» деген сыяктуу сөздөр менен урушта жеңсеңиз да, ортодогу мамиле сууй түшөт. Катачылыгыңызды моюнга ала билиңиз. Кечирим сурагандан уялбаңыз.

4. Унчукпай калуу

Уруш-талашты болтурбоо максатында көптөгөн адамдар унчукпай калууну туура көрүшөт. Бирок уруш токтогону менен, чындыгында экөөңуздүн ортоңузда таштай сепил тургандай болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту