Үй-бүлөлүк толуктоодогу баланы психологиялык жактан даярдоо

Үй-бүлөлүк толуктоодогу баланы психологиялык жактан даярдоо
9-Окт. 2018, Шейшемби, 10:48

Туң балаңыз инилүү же карындаштуу боло тургандыгын алдын ала психологиялык жактан кантип даярдоо керек? Экинчи наристенин төрөлүүсү ар бир эле үй-бүлөдө абдан жагымдуу окуя. Бул нерсе алгач эле туң балаңызга психологиялык жактан таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Себеби, ага ата-эненин бардык көңүлү бурулуп, аңгыча эле экинчи наристе пайда болуп, ага имерилүү балаңыздагы кызганыч сезимди ойготот. Ошондуктан үй-бүлөдө толуктоо болуп жаткандыгын балага сөзсүз кабарлап, алдын ала даярдоо керек.

1.Таанышуу.

Балаңыз инилүү же карындаштуу боло тургандыгын сиз боюңузда болгондондон баштап айтып баштаңыз. Мисалга, анын кантип чоңоюп, өсүп жаткандыгын чогуу байкоо. Ал үчүн кош бойлуу эненин маанайы көтөрүңкү абалда болушушарт. Жакшы маанайдагы эне баласына түшүндүрүү иштерин жакшы алып бармакчы. Мына ошондо бала жаңы төрөлө турган наристени чыдамсыздык менен күтүп, кош бойлуулукту кубануу менен кабыл алат.

2.Сүйүнүү менен күтүп жаткандыгыңызды эскертип өтүңүз.

Мисалы, жаңы төрөлө турган наристеге кам көрүү керектигин, ал абдан кичине болгондуктан, чоңдордун жардамына муктаж боло тургандыгын да айтып өтүңүз.

3.Чогуу ойноо, үйрөтүү.

Ал төрөлсө туң балаңыз чогуу, биргеликте ойной тургандыгын да эскертип өтүңүз. Мисалы, чоң балаңыздын экинчи наристеңизге “Сүрөт тартканды, туура тамактанганды жана көптөгөн нерселерде үйрөтө ала тургандыгын да”, айта кетиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!