Жакшы келин аталгыңыз келсе...

Жакшы келин аталгыңыз келсе...
17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

«Келини жакшы үйдүн керегеси алтын» - деп келет элибиз. Ооба, чындыгында барган үйдүн берекесин киргизип, ошол элдин жакшы келини деген атка ээ болуу ар бир кыздын өз колунда. Ал эми жакшы келин кандай болот? Кийинки кеңештерибизге кулак түрүңүздөр:

1. Сиздин апаңыз да келин болгон. Ошондуктан ар бир жагдайда апаңыздан акыл сурап, кеңешиңиз. Ар бир эне билбегениңизди үйрөтүүдөн качпайт.

2. Эч качан “өзүм билемге” салбаңыз.

3. Жарыңызды кандай жакшы көрсөңүз, анын ата-энесин да ошондой жакшы көрүңүз.

4. Улууларды сыйлап, аларга эч качан каршы сөз сүйлөбөңүз.

5. Ката кетирбеген адам болбойт. Ошондуктан кечиримдүү болуңуз.

6. Келин өзү эне аталганча «практикада» жүрөт. Ал анын устаты-энеси.

7. Өзгөлөрдүн көзүнчө күйөөңүзгө добуш көтөрүп сүйлөп, мамилеңерди талкууга салбаңыз.

8. Бир нерсе болсо эле «кетем» деп кырдаалды күчөтүп, ачууга берилбеңиз.

9. Үйүңүз ар дайым таптаза, кириңиз жуулган, тамагыңыз даяр тургандай болсун.

"Келиндер баардыгына жетишүүсү керек",- деп коюшат. Келин болуу албетте оңой иш эмес. Күндөлүк турмуш күйөөсүнүн, кайын журтунун көңүлүн алууну, ар кандай жагдайларда сабырдуу болууну, күч-кубат менен чыдамдуулукту талап кылат. Балдардын биринин артынын экинчисин өмүргө алып келип, отун жагып, уй саап, самоор кайнатып, этин да асып, жолдошунунда ата-энесинин да жылуу жумшагын даярдап, жетише билген бүтүндөй айылдын да көңүлүнөн чыга билген эже-жеңелерибиз кандай гана көрөңгөлүү десеңерчи! Ал эми азыр адамдын турмушун жеңилдеткен баардык нерселер бар. Баардык тиричиликти техника кылат. Ошондуктан жетише албадым, колум тийбей жатат деген уят болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!