Эркектер менен аялдардын психологиясы

Эркектер менен аялдардын психологиясы
17-Янв. 2019, Бейшемби, 14:03

Аялдар менен эркектердин психологиялык жактан айырмачылыгы өтө көп. Турмуш, күнүмдүк тиричилик, кайгы-капа, кубаныч менен шаттык алардын психологиясына ар түрдүү таасир этет. Психологдордун изилдөөсүнө кулак түрүп көрсөк:

Сүйүп калуу: 50 пайыз эркектер алгачкы кездешүүдө эле жактырып калат экен, ал эми 25 пайыз аялдар 4 жолу кездешкенден кийин гана жактырышат.

Достукта: Мырзалар балалык чактан баштап достошот экен. Аялдар орто жаштан ашкандан кийин гана дос күтөт.

Никеден кейинки турмуш: Никеси бар мырзалардын турмуш-тиричиликтин бактылуу сезими бойдок жигиттерге карганда эки эсе жогору болот. Ал эми аялдар көбүнчө кыз кезинде өздөрүн бактылуу сезишет.

Бийлик-башкаруу: Окуучулук кезде эркек балдар кыздарга караганда башкарып, бийлик жүргүзүүгө жакын келишет. Жашы өйдөлөгөн сайын бул мүнөзү артка чегинет. Үйлөнгөндөн кийин аялдар бийлик жүргүзө башташат.

Кылмышты токтотуу: Кылмышкер, ууруга же башка дагы коркунучка кабылганда, өзгөчө бала-чакасына коркунуч туулганда каршылык көрсөткөн аялдар мырзаларга караганда 25 пайызга көп.

Чечим чыгаруу жана чыдамкайлуулук: Аялдардын чечим чыгаруусу жана бир чечимге келүүсү эркектерге караганда алда кайда тез болот. Аялдар ачкачылыкка, чөлгө ошондой эле руханий жактан кысымга да чыдамкай келишет.

Кайгы: Эркектер кайгырганда көз жашы акпай карегинде толуп турат. Ал эми аялдар ыйлаганда жана өксүгөндө тамагы бүтүп калат.

Ооруп калганда: Узак жыл өнөкөт, бирок билинбеген оорусу бар эркектер аялдарга караганда көп болот. Уйкусуздукка чалдыккан эркектердин саны аялдардан эки эсе көп. Аялдар бул жакта да чыдамкай келишет.

Картаюу: Эркектердин биологиялык саатынын жүрүшү аялдардыкынан узак. Чеке, бет сөөктөрү аялдарга караганда чымыр, терилери калың, бырыштын сызыктары аз болгондуктан, жаш көрүнүшөт. Ал эми аялдардын түйшүгү, үй-бүлө, күйөө деген убайымы көп болгондуктан, алардын биологиялык саатынын жүрүшү тез жана кыска болот. Аялдардын эрте картаюусу ошондон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?