Никени кандай сактап калууга болот: аялдарга кеңеш

Никени кандай сактап калууга болот: аялдарга кеңеш
31-Янв. 2019, Бейшемби, 11:45

Көбүнчө аялзаты никени сактап калууга тырышат. Феминизм жактоочулары эмне айтса да, эркектерге караганда аялдардын негизги милдети үй-бүлөгө негизделген. Аялдар үчүн эң башкысы – бул мамиле. Ошондуктан, адал жар, очокту кыйшайтпай бекем кармап турууга аракет кылат эмеспи.

Никени сактап калуунун эң маанилүү эрежеси – өз жарыңызга сезимиңизди билдире билүү. Акылдуу жар сүйүктү адамынын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү өзүнүн пайдасына кандай ишке ашыруу керек экенин билет. Мисалы, бардык эркектердин мүнөзүндө эго көп кездешет. Акылы жок аял билбестен же атайы күйөөсүнүн жинине тийе берет. Ал эми акылдуу аял өз сүйгөн жарынын баасын кандай көтөрүүнү билет жана муну чындап жасайт.

Эч качан күйөөңүздү төмөн түшүрбөңүз жана анын кемчиликтерин эл алдында айтпаңыз. Анын артынан таптакыр ушактабаңыз. Ал эркек катары эмне сезерин түшүнүүгө тырышыңыз. Канчалык сиз бул эрежелерди буза турган болсоңуз, ошончолук сиз ортодогу мамилени бузасыз.

Экинчиден, мамилеңизди бекемдөө үчүн жарыңыз тууралуу пикириңиз чыныгы болсун. Мүмкүн, сиз кээде өзүңүздүн курбуларыңыздын күйөөлөрүнө карап кызыгат чыгарсыз. Бирок эске сактай жүрүңүз: чөп башка жерде ар дайым жашыл болбойт. Кыялдардын ордуна, сиз жубайыңыздын ушундай болгонуна шүгүр кылууңуз керек. Ал, мүмкүн, башка күйөөлөр сыяктууу эмгекчил, акылдуу же кыйын эмес чыгар, бирок анын өзүнө тандык жөндөмдөрү бар.

Жарыңызга кийлигише бербеңиз жана ар дайым анын катачылыктарын оңдой бербеңиз, ал кичинекей нерсе болсо да. Эң начары, аны төмөн түшүрүдөн башка – талаптарыңызды айтып кыйнай берүү. Ар бир талаптын орду болуш керек. Талаптарыңызды айта берүүнүн ордуна, сыпайы жана сабырдуу түрдө отуруп сүйлөшүңуздөр.

Сүйүктүү жарыңыздын талаптарына жооп бериңиз жана анын пикирин сыйлоого тырышыңыз.

Бардынгын сабыр менен чечиңиз, антпесе уруш андан ары күчөй берет. “Ачуу душман, акыл дос” демекчи ачууга алдырбаңыз. Ортодогу мамилени ар дайым болгон күч менен колдоп, коргоп калуу керек.

Эң акыркы, төртүнчүсү – сүйлөшүү тартиби. Кандайдыр бир түшүнбөстүк болгон учурда, дароо айтып, чечкен оң. Алар чечилип же унутулуп кетет деп ичиңизге сактоонун кереги жок. Айтыңыз! Адамга сүйлөшүү жөндөмү ошол үчүн берилген, өкүнүчкө карай, адамдардын оюн окуй албайбыз. Жана бул эрежеде убакытты жана жерди тандоо керек. Өзүңүздү кызыктырган суроолорду көпчүлүктүн алдында эч убакта койбоңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?