Аялдын энергиясын кантип көтөрсө болот?

Аялдын энергиясын кантип көтөрсө болот?
9-Фев. 2019, Ишемби, 11:29

Ар бир аял өзүнө бардыгынын кызыгып караганын каалайт. Ал үчүн сизден нур чачырап, жагымдуу энергия таралып турушу керек. Ал энергияны кайдан аларыбызды, азыр айтабыз. Даяр болсоңуз кеттик...

Жакын курбуларыңыз менен көп кездешиңиз. Аялдар менен болгон мамиле аялдын энергиясын көбөйтөт жана эмоцияңызды чыгаруунун туура чечими;

Психологдун жардамы керек болсо, жашы өзүңүздөн улуу аял кишини тандаңыз. Чоң апалар менен аңгемелешкен да жакшы. Эгер дагы турмуш кура элек болсоңуз, үй-бүлөлүү бар курбулаңыз менен көп сүйлөшүп туруңуз. Бул сиздин келечек никедеги өмүрүңүзгө арнап жыйналган мол энергиянын кору боло алат;

Мырзалардан көбүрөөк жардам сураңыз;

Системалуу түрдө массажга барып, бий менен же йога менен машыгуунун жардамы көп. Болгону машыктыруучу аял киши болсун;

Кыйкырып урушпаңыз, ал сиздеги мырзанын энергиясын көбөйтүп жиберет;

Адамдарды көбүрөк тамактандырыңыз! Мисалы күйөөңүздү, досторуңузду, жаныбарларды тамактандыруу аркылуу энергияны көтөрүүгө болот.

Кайырымдуулук менен алектениңиз;

Ар дайым үйүңүздө тазалык иштерин жүргүзүп отуруңуз. Керек эмес, эски заттардан арылыңыз;

Суу-аялдын энергиясынын көзү. Деңизге, көлгө, өзөнгө барыңыз, эч болбосо душка түшүп туруңуз;

Сөз талашпаңыз, арызданбаңыз, салыштырбаңыз! Жумшак, мээримдүү болуп өзүңүзгө жана башка аялдарга да жакшы сөз айта билиңиз;

Үй гүлдөрүн өстүрүп, кол өнөрчүлүк менен алектениңиз;

«Мен жасай аламын!» деген сөздү аз колдонууга тырышыңыз. Бул эркек адамдарга таандык касиет. Анын ордуна «Мен каалаймын» дегенди колдонуңуз. Бирок өзүңүздүн эмнени кааларыңызды аныктап алыңыз.

Жалгыз калуудан коркпоңуз! Бул убакытты өзүңүзгө арнап, энергияңызды көбөйтүүгө жумшаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды