Ажырашуу эң көп кайсы жаштагы балдарга таасир этет?

Ажырашуу эң көп кайсы жаштагы балдарга таасир этет?
17-Апр. 2019, Шаршемби, 10:36

Ата-эненин эки жолго түшүп, ажырашуусу ар бир бала үчүн оор сокку катары кабыл алынат. Бул боюнча адистер атайын иликтөө жүргүзүшкөн. Атайын иликтөөлөр боюнча, 7-14 жаш арасындагы балдар бул жаатта абдан сезимтал келишип, тагдырдын мындай сыноосун оор кабыл алышкандыгы ачыкталган. Изилдөө Лондондун колледждеринин биринде жүргүзүлгөн.

Ага 11-14 жаш аралыктагы алты миң бала катышкан. Алардын руханий ички байлыгы текшерилген,

Түгөйлөр эки жолго түшкөн балдар дагы да болсо көбүрөөк сезимтал келишип, запкы жегенедери байкалган.

Ал эми үч жана жети жаштагы ата-энеси ажырашкан балдарда кандайдыр бир психалогиялык бузулган абал байкалган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!