Аял 27 жыл комада жатып өзүнө келген

Аял 27 жыл комада жатып өзүнө келген
24-Апр. 2019, Шаршемби, 17:20

Германияда ооруканалардын биринде жаткан бейтап 27 жыл комада жатып өзүнө келгендиги айтылат. Бул тууралуу “Daily Mail” агенттиги кабарлады.

Мунира Абдулла аттуу бейтап 1991-жылы кырсыктан улам мээсинен оор жаракат алган. Абдулла жергиликтүү ооруканага, кийин Лондондогу ооруканалардын бирине которулган. Доктурлар анын минималдык аң-сезимде экендигин, ал оорусун сезип жаткандыгын айтып чыгышкан. Кийин аны Бириккен Араб Эмирлигине кайтарып, ал жакта көп жыл бою түтүкчө аркылуу тамактандырып жана физиотерапия жасап турушкан.

Абдуллага Абу-Даби Мохаммад аттуу принц каржылык көрсөткөн. Аял өзүнө келип, алгачкы ирет баласынын атын айткандыгы .маалымдалды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!