Кайнене менен кантип ынтымактуу жашаса болот?

Кайнене менен кантип ынтымактуу жашаса болот?
15-Май 2017, Дүйшөмбү

Жашоодо кайнене-келиндин камыр-жумур болуп ынтымактуу жашап кеткен учурлары сейрек кездешет. Бирок кайненеңиз менен болгон мамилени бекемдөө сиздин колуңузда.

- Кайнене менен мамилени сый бойдон сактоонун бирден-бир жакшы жолу - андан бөлөк жашоо. Бирок бир үйдүн жалгыз же кичүү келини болсоңуз өмүр бою кайаненеңиздин көңүлүн алып, көзүн карап өтүүгө туура келет. Биринчи кезекте каалайсызбы жокпу, өз кызыкчылыгыңызды, көз карашыңызды чөнтөгүңүзгө ката туруңуз.

- Конокко камынып жатасыз, ошол учурда кайненеңиз чалып үй иштерине каралашып коюну суранды. Баруудан өзүңүз деле баш тарта албайсыз го, бирок кийинчирээк бараарыңызды туура түшүндүрө билиңиз. Таарынтып албаш үчүн ылайыктуу сөздөрдү издегенден эринбеңиз.

- Жолдошуңузду апасынын көзүнчө кемирип-кесип, кемчилдигин айтып даттанган туура эмес. Бул энесине да шек келтирип, аны сөзгө сындырганга барабар. Тескерисинче, уулунун кемчилдигин жашырсаңыз, кайнененин сизге ичи жылыйт. Баласынын кемчилдиктерин сиз баса белгилебесеңиз деле энесинен артык аны эч ким билбесе керек.

- Жолдошуңуз дем алыш күндөрдү апасы менен өткөргүсү келсе кабагыңызга кар жаадырбаңыз. Ошол учурдан пайдаланып кайненеңиздин тамырын тартып, табити кандай, кайсы тамакты жакшы көрөт, тил табышыш үчүн кандай темаларды козгоо керек экенин аныктаңыз.

- Кээ бири үчүн кайнене окула элек китеп. Жаңы бүлөгө барганда өз эрежеңизди орнотконго ашыкпай, ошол үйдүн тартибине баш ийип жашаганды үйрөнүңүз. Бара-бара кызматыңыздын, сый мамилеңиздин аркасы менен кадыр-барк топтоп, сөзүңүз өтө турган кез да келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!