Жакшы аял болууга тырыша бербеңиз!

Жакшы аял болууга тырыша бербеңиз!
11-Сен. 2019, Шаршемби, 11:13

Ар бир эле аялзат узак, бактылуу өмүр сүргүсү келет. Ал үчүн аялдар өздөрүн көп курмандыкка чалат. Мисалга, үйдө олтурган аялдардын дагы өзүнүн хоббиси болот. Күнү бою үйдө олтурган аял, жок дегенде дем алыш күндөрү өзүнө убакыт бөлүп, өзүн карап эс алып келгиси келет. А бирок ал аялдардын каалоолору орундалып жатабы? Албетте “Жок”!

Кандай аялдын каалоолору орундалбайт?

Ишенсеңиз “Бардыгы жакшы” деп жүрө берген аялдардын каалоо-тилектери орундалбай калат экен.

Алар кандай катачылык кетирет?

Андай аялдар жалгыз башына бардык жүктү артып алат. Эми элестетиңиз: түнү менен балаңызды терметип, уйкудан калдыңыз. Катуу чарчаганда кан басымыңыз төмөндөп кете турган адатыңыз бар. Таң эртең менен бир саамга уктайын дегенде, 7-класстагы кызыңыз: “Апа эмнеге түнү көйнөгүмү үтүктөп койбодуңуз” деген сөздү угасыз. Ары жакта турган жолдошуңуздун: “Кечке эле уктай бербей турчу, менин галстугуму байлап бер дейт”. Ошол тапта, студент кызыңыз: “Эмне бүгүн эртең мененки тамакты ичпейбизби?” деп чыгат.

Дал ошол тапта үнүңүздү катуурак чыгарып: “Эки-үч күндөн бери араң жүргөнүмдү байкабадыңарбы”. “Ооруп жатам” деп дабышыңызды бийигирек чыгарыңыз. Кызыңызга көйнөктү үтүктө деп буйрутма берип, күйөөңүздү дары алып келип бер деп жумшаңыз.

Анткени, алар сиздин түн ичинде уктабай бала карап, уйкуга мас болгонуңузду алар баалабайт. Ушул убакытка чейин сиз чарчаганыңызды, ооруганыңызды билгизбегендиктен, сизде баары жакшы деп ойлоп жүрө беришкен. Мындан ары өзүңүздү карап жүргөнгө убакыт келди.

Ал аял эч кимдин көңүлүн калтыргысы келбейт

Аял киши негизи эле намыскөй жана тырышчаак келет. Ал чарчап турса да, бардыгынын көңүлүн жайгарууга жетишет. Ошол эле жолдошунун жана өзүнүн туугандарын сыйлап дегендей.

Журттун ой-пикири сизди ойлондурбаш керек. Анткени, ар адам ар кандай сын-пикир жана ойдо болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты