Махабаттын төмөнкү сынактарынан өтсөңүз, ал жигит сөзсүз сизге үйлөнөт!

Махабаттын төмөнкү сынактарынан өтсөңүз, ал жигит сөзсүз сизге үйлөнөт!
26-Сен. 2019, Бейшемби, 16:28

Эркек менен аялдын бир эле дене түзүлүшүндө гана эмес, алардын психологиясында дагы айырмачылыктар бар.

Психолог адистердин айтымында, махабат ыргагында эркектер менен аялдардын түшүнүгү шайкеш келе бербейт экен.

Биринчи сынак

“Кийимге карап чечим чыгаруу”... “Адамдын көркү чүпүрөк” демекчи, сулуу жана ишенимдүү болуңуз. Менимче биринчи сынактан бардык эле кыздар өтөт, анткени алардын бардыгы сулуу. Ал ортодо табиятынан жасангысы келбеген кыздар, бул сынактан жолдомо ала албай калышы мүмкүн.

Экинчи сынак

Мында “Бир кадам алдыга, эки кадам артка” эрежесин карманасыз. Мисалга, бүгүн кездешүүгө чыксаңыз, кийинкисине бир шылтоо айтып чыкпай коюңуз. Жолугушуу учурунда аз сүйлөп, көп угуңуз. Анан да ар дайым "Кандайсын?, Эмне кылып жатасын?" деген суроолорун тынбай жазып, уламдан-улам коңгуроо чала бербеңиз.

Үчүнчү сынак

Бул кезде жигитти: "Бири-бирибизге шайкеш келебизби?”, “Мүнөздөрүбүз кандай?” деген суроо аралайт. Ошондуктан, сизди ал достору жана туугандары менен тааныштырууга өтөт. Мисалга, алардын туулган күнүнө сизди чакырышы мүмкүн.

Адамды сөз бузат демекчи, сиз жигитиңизге канчалык жагып турсаңыз дагы, аны ортодо достору сиз тууралуу терс пикир жаратып, бузушу мүмкүн. Ошон үчүн, анын достору жана туугандары тууралуу терс пикирди ичиңизде сактаңыз.

Төртүнчү сынак

Махабаттын төртүнчү кезинде, “Бардык нерсенин чек арасы боло турганын” эстен чыгарбаңыз. Эркеликтин, кызганычтын дагы чеги болот. Жигитиңиз менен уламдан-улам келише албоо, түшүнбөстүктөр-ортодо ишенимсиздикти жаратат. Психологдор: кыздардын көпчүлүгү дал ушул, бешинчи сынактан мүдүрүлгөндүгүн айтат. Ал үчүн махабаттын кыйын кезинен өтүү үчүн, болгон күчүңүздү салып, мамилеңизди сактап калууга аракет кылыңыз.

Бешинчи сынак

Ошону менен махабаттын бардык тепкичинде, көрсө, жигитиңизге сиздин кийген кийимиңиз, бетиңизди кандай боё дагы маанилүү эмес экен. Ага эң негизгиси аны түшүнгөн, көз караштарыңыз төп келген жар керек. Орустар айтмакчы: “Любовь для тела, любовь для души” дегендей.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков: Соттук-укуктук реформа артка кайткыс мүнөзгө ээ
Жээнбеков: Соттук-укуктук реформа артка кайткыс мүнөзгө ээ
​Кара-Кулжада мал уурдоого шектелип ага-ини кармалды
​Кара-Кулжада мал уурдоого шектелип ага-ини кармалды
Бишкектеги атышуу: кылмышка шектелип эки жигит кармалды (видео)
Бишкектеги атышуу: кылмышка шектелип эки жигит кармалды (видео)
​Орусия Олимпиада жана Дүйнө чемпионаттарынан четтетилди
​Орусия Олимпиада жана Дүйнө чемпионаттарынан четтетилди
Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн сынак жарыяланды
Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн сынак жарыяланды
​Айша Изабекова Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча чемпиону болду
​Айша Изабекова Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча чемпиону болду
13-декабрда Борбор калаадагы башкы балатынын оту жанат
13-декабрда Борбор калаадагы башкы балатынын оту жанат
 Жээнбеков Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду
Жээнбеков Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду
Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Акчага сатып алган аянттан кенч табылды
Акчага сатып алган аянттан кенч табылды
Абылгазиев:  Сырттан акча алганды кыскартуу керек
Абылгазиев: Сырттан акча алганды кыскартуу керек
9 айлык бала баңгизаттан көз жумду
9 айлык бала баңгизаттан көз жумду
Айсулуу Тыныбекова өзгөчө видеосун бөлүштү
Айсулуу Тыныбекова өзгөчө видеосун бөлүштү
Ичтеги майлар билинбеш үчүн кандай кийинүү керек?
Ичтеги майлар билинбеш үчүн кандай кийинүү керек?
Айпери Кубик кызы макияжы жок сүрөтүн көрсөттү
Айпери Кубик кызы макияжы жок сүрөтүн көрсөттү
Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө
Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө