Кытайдын “Гуйчжоу” провинциясынын тургуну фиктивдүү үлпөт тоюн өткөрүп, кыздын кызмат акысын төлөбөй качып кеткен. Бул тууралуу “Asia One” кабарлады.
Тагыраак айтканда, 39 жаштагы мырза атайын агенттикке кайрылып, бир кызды арендага алат. Ал кыз баланын досторунун, туугандарынын көзүнчө өзүн колукту сыяктуу тааныштырыш керек эле. Сяо Ли ал кыз менен 22-28-августка чейин чогуу боло тургандыгы боюнча келишимге кол койгон. Ал кыздын бир күндүк аренда акысы 521 юань эле.
Алардын үлпөт тою 25-августта өтөт. Келген коноктордон 60 миң юань каражат топтолгон. А бирок келишим боюнча, мырза бардык каражатты өзү алмай болгон. Ли бул жол менен акы топтоп, өзүнө бир бизнес ачууну көздөгөн.
Үйлөнүү-үлпөт тойдон кийин, экөө чогуу кытайдын бир канча провинциясын кыдырган. Бирок, кыздын аренда акы күнү бүткөндөн кийин, Ли дайнын билгизбей, ал кызга акы дагы төлөбөй качып кеткен. Муну менен бирге дароо ал кызды бардык социалдык тармактардан блоктоп салгандыгы айтылат.