Жалгыздыктан кантип кутулса болот?

Жалгыздыктан кантип кутулса болот?
3-Окт. 2019, Бейшемби, 15:39

Ал адам 40 жашка келсе дагы бойдок жигит эле... Жакында үйлөнүп, бойдокчулук менен коштошуп, жалгыз бой жүргөндөргө төмөндөгүчө кеңеш берет:

2019-жылы өзүңүздүн сүйүктүүңүздү тапкыңыз келеби? Анда эң алгач психологияңызды өзгөртүңүз демекчимин...

Кеңеш:Мен бир канча жыл мурун, канчалаган сулуу бийкечтер менен таанышып, алар менен баарлашып, алардын психологиясын беш колдой билип калгам дейт.

Аялдар өздөрүнүн психологиясын өзгөртпөсө, алардын жалгыздык сезимин өчүрө турган эркекти жолуктура албайт демекчимин. Алар үчүн атайын тамсил менен бөлүшкүм келип турат силер менен:

Шаарлардын биринде турмушка чыккысы келген айымдар үчүн, атайын эркектердин дүкөнү ачылат. Ал дүкөндө болгондо дагы бир гана “Эркектер” сатылат. Ар бир айым үчүн, ал эшиктин каалгасы ардайым ачык. Мындайча айтканда, аялдар өздөрүнүн талабына ылайыктуу, эркектерди сатып ала алат.

Дүкөнгө кире турган эшикте төмөндөгүдөй төрт эреже жазылган

1.Дүкөнгө бир гана жолу кирип, бир ирет гана тепкичти көздөй чыга аласыз

2. Дүкөндө 6 кабат бар. Кабат жогорулаган сайын, эркектердин сапаты жана баасы жогорулай берет

3.Өзүңүзгө жаккан эркекти алганда гана сыртка чыга аласыз. Бул деген сөз кийинки кабатка көтөрүлө албайсыз дегенди билдирет.

4.Дүкөндөн бир гана эркек сатып ала аласыз.

Ошентип бир аял, ал дүкөнгө келип, өзүнө күйөө издемек болот. Биринчи кабаттын эшигине: “Жумушу гана бар, мурун такыр үйлөнбөгөн жигиттер” деп жазылып турат. Аны окуган аял, биринчи кабатты жөнөкөй көрүп, экинчи кабатты көздөй бет алат. Экинчи кабаттын эшигинде: “Жумушу бар, ажырашкан эркектер” деп жазылып турат. Аялдын издегени башка болсо керек, үчүнчү кабатты көздөй бет алат. Мында эшиктин сыртында: “Кызматы бар, ажырашкан, сымбатту эркектер” деген жазууну көргөн аял, издегенин тапкандай бир саамга ойлонуп туруп калат. Бирок, ал эшике дагы кирбестен, жогорку тепкичке көтөрүлөт.

Дүкөндүн төртүнчү кабатында: “Кызматы бар, сулуу, үй тиричилигин мыкты аткара алган эркектер” деп жазылып турат. Керемет го деп ойлонгон аял, ага карабай бешинчи кабатка көтөрүлөт.

Бешинчи кабаттын эшигинде: “Жумушу бар, өтө сулуу, үй иштерине бекем, ажырашкан жана баласы бар, абдан романтик” деп жазылып турат. Аял ал бөлмөнүн каалгасын ачып кирмек болот биро: “Мага мындан дагы жакшысы керек” деп ойлонуп калат. Ошентип ал аял, дагы бир тепкич жогору чыгат. Артка жол жок, бул кабатта кандай эркек болсо дагы сатып алам деген ойдо көтөрүлөт. Алтынчы кабатка көтөрүлүп, каалгага жакындап келгенде: “Сиз бул кабатка чыгып келген №42356072 аялсыз” деген жазууну көрөт. Биздин дүкөнүбүзгө келгениңиз үчүн, сизге рахмат айтабыз. Ачуусу келген аял: эмнеге экинчи, үчүнчү кабаттагы эркектерди тандабадым деп өзүн-өзү жемелейт. Мейли биринчи кабаттан эркекти сатып алайын десе, дүкөндүн эрежеси боюнча алтынчы кабатка көтөрүлгөн аял, артка кайтууга укуугу жок жана бир гана сыртты көздөй чыга алат.

Арада ал дүкөндүн маңдайына эркектер үчүн дагы аялдарды сатып алуу боюнча дүкөн ачылыптыр. Ал дагы алты кабаттан туруп, а бирок ага келген эркектердин көпчүлүгү экинчи кабаттан эле артка кайткан экен.

Демек мында аял менен эркетин ортосундагы психологияда опол тоодой айырма бар. Мисалга, алардын муктаждыктары, максаттары, тилектери эки түрлүү. Айымдардын көпчүлүгү мындан да жакшы эркекти жолуктурам деген ойдо убактысын өткөрүп жүрө берет экен.

Арийне менин дагы психологиялык кемчиликтерим болду. Ал кемчилик өзүмө жар издөө боюнча. Бир күнү жаш кыз менен таанышкан элем. Ал кыз эртеси ачуусун мага смс кат аркылуу жиберип чыгарды дейт. Ал катта: “Эгерде сиз Ханшайымды издегиңиз келсе, өзүңүз ханзададай болуңуз” деп жазылат. Ошол мүнөттөрдөн кийин мен өз талабымды төмөндөттүм.

“Көрсө жакшы кыздар көп экен, мен аларды байкабай жүрүптүрмүн, азыр кудайга шүгүр өз бактымды таптым” деген экен ал киши.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Сырганы кантип тандоо керек?
Сырганы кантип тандоо керек?
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу