Бактылуу үй-бүлө болуу үчүн 10 нерсе

Бактылуу үй-бүлө болуу үчүн 10 нерсе
03-02-2017

Бактылуу үй-бүлө болуу үчүн эмне кылуу керек?

Бактылуу үй-бүлө болуунун 10 сыры:

1.Ката сизден кеткен учурда намысты четке коюңуз. Эгер урушуп кеткенде туура эмес кылганыңызды түшүнсөңүз моюнга алып, кечирим сураңыз. Бул мамилени курчутпай токтошуна шарт түзөт.

2.Уруш чыккан учурда күйөөңүз жашооңузда болбогондой элестетиңиз. Эгерде жалгыз жашаган бул эки-үч күндүн ичинде күйөөңүздү эстесеңиз, сагынсаңыз, аны көргүңүз келсе, демек, жүрөгүңүздө ага болгон сүйүүнүн учкундары дале сакталуу.

3. Табышмактуу болуңуз. Эскинин баарын унутуңуз, жаңы мамиле баштаңыз. Үй-бүлөнүн чоң сырларынын бири бул. Бири-бириңизге болгон сезимди күчтүү кылат.

4. Ар убак күлүп, жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу – адамдын сулуулугуна сулуулук кошот. Ал эми ар бир эркек жанындагы аялынын сулуу болушун каалайт

5. Романтика үчүн убакыт табыңыздар. Чогуу сейилдеп, жаратылыш койнунда чогуу эс алыңыздар.

6.Кичинекей нерселер туурасында сүйлөшүңүз. Чоң маселелерди бир тарапка ыргытып, кичине темаларга токтолуп баарлашыңыз. Сүйлөшүп отуруп мамилелер жакшырат.

7.Нааразычылыктарды кыйкырбай, акырын сүйлөшүүгө аракет кылыңыздар. Кыйкырып-бакыргандан эч кандай майнап чыкпайт.

8.Ар дайым ырахмат айтууну унутпаңыз. Анткени канчалык кичинекей болбосун ал ишке ыраазычылыңызды билдириңиз. Мисалга “Бүгүнкү кечки тамак үчүн рахмат”

9.Айланаңыздагы адамдардан (достор, туугандар) жакшы адамдар тууралуу көбүрөөк жакшы сөздөрдү сүйлөшүңүз. Муну менен сиз түгөйүңүздүн дагы жакшы сапаттарын өнүктүрө аласыз.

10.Адамда баары ойлогондой боло бербесе өзүн-өзү басмырлап баштайт. Ошондуктан мындайга жол бербей, жубайыңыз (жолдошуңуз) менен кызыктуу темаларды көбүрөөк сүйлөшүп, анын жан дүйнөсү менен бирге болуңуз. Түгөйлөр бири-бирин сүйүп турганда гана үй-бүлөдө толук бакыт болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!